Тилчи Артиом Оганезов эл өз лидерине баары бир баа береринен шектенбейт, болгону биртке күтө турууну жөн көрөт.
- “Коом өзү такай талаш-тартыш менен жашайт, бирок азыр чоң проблемага туш болдук, андыктан биринчи кезекте аны кантип чечүү керек деген маселеге көңүл топтогон абзел. Жагдай жайына келген соң ким кандай чекилик кетиргени өзүнөн-өзү айкын болот.
Тбилисидеги стратегиялык жана эл аралык изилдөө фондунун эксперти Арчил Гегешидзе болсо “Батыш менен Россиянын басташуусу канчалык күчөгөн сайын Саакашвили өзүн ошончолук ишенимдүү сезе берет” деп ишенет:
- Москва аскерлерин Грузияда калтырып, иш жүзүндө Саакашвилинин аброюн ашырып отурат. Орустар чыгып кеткен соң элдин президентке сөзсүз суроо-сопкуту пайда болот.
Сентябрдын башында Грузиядагы жарандык уюмдар, жоон топ маданий ишмерлер кол койгон ачык кат жарыяланып, авторлор августтагы окуялар маалында чоң “калпыстык кетиргени” үчүн өкмөттү сынга алып, коомчулукту Саакашвилинин позициясын кеңири айыптоого чакырышты.
Беш күндүк уруш учурунда бийликти сындоого мораторий жарыялаган оппозициянын пикири да өзгөрө баштады.
Жаңы оңчулдар кыймылынын лидери Дэвид Гамкрелидзе, мисалы, “эчен курдай эскерткенге карабай Саакашвили Цхинвалиге артиллериядан жабылта ок жаадырып, жеткен жоопкерчиликсиз, атүгүл кылмыштуу кадамга барганын”, эми анын “Грузиянын президенти жана куралдуу күчтөргө башкы колбашчы болгонго саясий да, моралдык да укугу калбаганын” айтып, президенттин кызматтан кетишин талап кылды.
Өкмөттүн реинтеграция министри Темур Якобашвили буга мындайча жооп узатты:
- Согушту биз баштаган жокпуз,Түштүк Осетияга басып киргенге президент да буйрук берген эмес. Бар болгону түштүк осетин күчтөрү ок аткан позицияларга гана сокку урганга, Грузияга кирип келаткан аскердик колоннанын жолун бөгөгөнгө көрсөтмө берилген болчу.
Саакашвили өзү болсо түштүк осетиндерди дегеле кеп кылбайт.
Ал баарыдан мурда “Россиянын агрессиясын ооздуктап калдым”, урушту да ошолор “озунуп баштады” деп ырастап келатат.
Буга парламенттин спикери Давид Бакрадзе кошулуп, Грузия өз территориясын коргогонго аргасыз болгонун бардык жерде айтып жүрөт.
Ички иштер министрлигинин өкүлү эгер грузиндер өз күчтөрүн которуштурбаганда, согуш 7-августта, балким, болбой калмак, бирок ал баары бир эртеси же андан кийинки күнү сөзсүз башталмак деп эсептейт.
Буга байланыштуу оппозициядагы Республикалык партиянын мүчөсү Леван Бердзенишвили ар кандай өкмөт башкалардын эмес, өзүнүн кадамдары үчүн жооп берүүгө тийиш экенин эске салды.
“Баары териштирилип, каталыктарга баа берилиши керек. Эгер бизде нормалдуу парламент болгондо атайын комиссия түзүлүп, эмдигиче тийиштүү тыянактар жасалмак. Бирок эртедир-кечтир бул иш жүзөгө ашырылат”, - деп айтты грузин оппозиционери Бердзенишвили.