Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:53

СХЕФФЕР: ОРУСИЯНЫН НАТОго ДА, БАЛТИКАГА ДА КОРКУНУЧУ ЖОК


НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер Орусиядан альянстын өлкөлөрүнө, өзгөчө балтикалыктарга коркунуч жок деп ишендирди. Ригада ал Латвиянын президенти жана үч өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушту. Эмдиги аптада Схеффер альянска кирген 26 өлкөнүн өкүлдөрү менен Тбилисиге барганы жатат. Бул жерде НАТО кеңешинин жыйыны өтөт.

Схеффердин Ригадагы визити эбак эле пландалган болчу, бирок Кавказдагы окуялар анын күн тартибине өзгөртүү киргизди. Латвия менен Литвада, Эстонияда Орусиянын Грузиядагы аскери операцияларын эски “СССРди күчкө салып кайра түзүүнүн” биринчи кадамы катары баалашты.

Августтун этегинде үч өлкөнүн элчилери балтикалыктардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кошумча чараларды көрүү тууралуу маселе көтөрүшкөн эле. Алар баарыдан мурда НАТОнун негизги документи - Вашингтон келишиминдеги бешинчи статья Балтика боюндагылардын коопсуздугун кепилдей алар-албасына кызыгышкан болчу. Аталган статьяда альянска кирген өлкөлөрдүн бирине тыштан жасалган агрессия жалпы блокко кол салуу катары кабыл алынары аныкталган.

Ригадагы жолугушууларда баш катчы НАТОнун бардык мүчөлөрү, алардын ичинде, асыресе, балтикалыктар да Орусиядан таптакыр кооптонбой жашай берсе болот деп ишендирди. Мындан тышкары ал Грузиядагы кырдаалдан улам бул үч өлкөгө кошумча колдоо көрсөтүүнүн да кажети жоктугун белгиледи.

“Өз мүчөлөрүн коргоп алганга альянстын күчү жетет. Анын үстүнө НАТО Орусияны коркунучтун очогу катары эсептебейт”,-деп айтты Схеффер.
Эмдиги аптада Тбилисиде альянстын кеңеши өтөт, ага НАТОго кирген бардык өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышат. Бу сапар маалында Схеффер Поти шаарында болгону жатат.

Бейшемби күнү президент Михаил Саакашвили Грузияны НАТОго тезинен кабыл алууга чакырды. Бул ишти альянс, анын айтымында, создуктурбашы керек. Болбосо Орусиянын агрессиясы токтобой, узара берет. «Москва Абхазия менен Түштүк Осетияга толук контролдугун орнотот, андан соң башка өлкөлөр да ушундай коркунучта калат», - деп эскертти Саакашвили.

Ал эми Орусиянын НАТОдогу туруктуу өкүлү Дмитрий Рогозин болсо альянстын жетекчилерин Тбилисиге баргандан сактандырды. Анткени муну Саакашвили жеке өзүнө альянстын көрсөткөн саясий жана моралдык колдоосу катары түшүнөт. Ошондуктан Рогозин НАТОнун лидерлерине Абхазия менен Түштүк Осетиянын жетекчилерин альянстын баш кеңсесине чакырып, региондогу жагдайдан калыс маалымат алууну сунуш кылды.

XS
SM
MD
LG