Коомдук парламенттин бүгүнкү өтө турган жыйынында октябрь айынын аягына мерчемделген Элдик курултайда каралуучу маселелер да бекитилүүсү айтылууда. Ал эми жыйындын күн тартибиндеги негизги маселелер болуп, 5-октябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык, эркин басылмалар жана алардын баш редакторлоруна бийлик тарабынан жасалып жаткан кысым, Кыргызстандын адам укугу, сөз эркиндиги жаатында артка карай кетип жатканы каралмакчы.
Коомдук парламенттин мүчөсү, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча өлкөнүн социалдык-экономикалык кризиске батып жатышына эң негизги себеп-саясий фактор болууда:
-Мамлекеттик түзүлүштүн иштебегени, мыйзамдуулуктун басмырланышы, өзүм билемдиктин күчөшү, ыймандын бузулушу, сөз эркиндигинин кысымга алынышы-мына ушунун баары саясий кризиске алып келди. Ал эми мындан чыккан жоопкерсиздик, ашмалтайлык Кыргызстандын экономикасын бутунан тушап атат.
Сааятчынын айтуусунда, Кыргызстандын өнүгүү концепциясына оппозиция тарабынан бир топ сунуштар болот.
Бүгүнкү жыйында “Акыйкат үчүн” кыймылынын дагы бир мүчөсү “Улуу Биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев экономикалык кризистин себептери тууралуу доклад окумакчы. “Мындан тышкары учурдагы саясий-экономикалык кризиске байланыштуу партиянын атынан өзүнчө билдирүү болот”, - дейт Эмилбек Каптагаев.
2005-жылдагы март окуясынан кийинки жаңы бийликке каршы оппозициянын эки жолку чоң нааразылык акцияларынын максатына жетпей калышы, ошол туштарда бийликтин аракеттерин кескин сындаган айрым саясатчылардын бүгүн бийлик тарапта болуп, мамлекеттик кызматтарда отурушу оппозицияга болгон ишенимди басаңдатып койгонун, ал түгүл оппозиция алсызданды деген пикирлер да арбын.
Мына ушундан улам Коомдук парламенттин бүгүн боло турган жыйынын, октябрь айынын аягында болуучу Элдик курултайды айрым бийликчил саясатчылар оппозициянын өзүн көрсөтүү максатында гана уюштуруп жаткан аракети катары баа беришүүдө.
“Коомдук парламент бүгүн көтөрө турган маселелер мурдагы жумада “Ак Жол” фракциясы тарабынан айтылып, өкмөт башчыга тапшырмалар берилген”, - деп билдирген Жогорку Кеңештин депутаты Ибрагим Жунусов оппозициянын мындай аракетинен майнап чыгаарына ишенбейт:
-Шейшемби күнү бизде парламенттик -өкмөттүк саат өтөт. Ошол жерде бардык маселелер айтылып, көтөрүлөт. Биз карап, айтып, деп, иштеп атабыз. Бир жума мурда эле баштаганбыз. Коомдук парламент да айтып, деп, иштеп атышат. Бирок ал канчалык натыйжалуу болот, аларды өкмөт угабы, жокпу, айталбайм.
Күркүрөгөн күздүн башталышы менен саясатта кризистин башы кылтыйды деген ойлорго макул болгон саясатчылар “Ак Жол” фракциясынын мурдагы лидери Адахан Мадумаровдун парламент депутаттыгынан жана партия мүчөлүгүнөн кетишин, өткөн жумадагы адилет министринин кызматтан алынуусун буга мисал катары келтиришүүдө.
Саясат таануучу Токтогул Какчекеев оппозиция бийликтин катачылыгын, туура эмес жасаган иштерин коомчулукка мына ушундай жыйындар аркылуу көрсөтүп, элге маалымдап турганы жакшы көрүнүш катары эсептейт. Анын айтуусунда, өкмөт, бийлик оппозицияны угуп, алардын пикирлери менен эсептешкен учурда жакшы натыйжаларга алып келмек.
Өлкөнүн саясий айдыңында оппозициянын көптөн бери убада кылып келген жандануу ишмердүүлүгү башталгандай таасир берет. Өткөн жумада “Акыйкат үчүн” кыймылынын Жарандык биримдик же Элдик коалиция түзүү тууралуу демилгесинин натыйжасында “Ата Мекен”, “Ак шумкар” жана Социал-демократтар партиялары биригишкен. Коомдук парламенттин бүгүнкү жыйында болсо кеч күздө боло турган Элдик Курултай кеңири талкууга алынаары айтылууда.