Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:37

ОРУС АСКЕРЛЕРИ БАТЫШ ГРУЗИЯДАН ЧЫГАРЫЛДЫ


Орус аскер бөлүктөрү Грузиянын батышындагы көпчүлүк райондордон чыгып кетишти. Ал эми Түштүк Осетиядагы коопсуздук тилкелеринде алар эмдиги айдын башталышына чейин калышат. Бул жерде аларды Евросоюздун байкоочулары алмаштырууга тийиш. Орус аскерлери азырынча Абхазиянын эки районунан да чыгарыла элек.

Орус аскер бөлүктөрү Поти портунан, Сенаки, Хоби жана Чхороцку шаарларынан кетишти. Бул иш, Россиянын тышкы иштер министрлиги таркаткан билдирүүдө айтылгандай, Медведев-Саркози макулдашуусунда аныкталган мөөнөттөн эки күн эрте жасалды.

Потиден жана башка шаарлардан орус аскерлери чыгып кетип жатышканын Грузиянын ырасмий өкүлдөрү ырасташты.

Алардын соңунан Евросоюз жетекчилеринин бири Хавер Солана да муну маанилүү кадам деп атады.

“Бул процесс он күндөн кийин европалык байкоочулар жайгаштырылган соң улантылат, 10-октябрда Грузиянын батыш бөлүгүндө россиялык эч кандай аскер бөлүктөрү калбайт, бул өтө маанилүү”, - деп айтты Солана.


Келерки айдын башталышында Түштүк Осетияга танапташ коопсуздук тилкелерине Евросоюздун 200дөй байкоочусу келет.

Ошондон соң бу жерден да орус аскерлери чыгып кетет. Ага чейин коопсуздук тилкелери алардын көзөмөлүндө болот.

Мындан тышкары Абхазиянын эки районундагы орус аскер бөлүктөрү да али чыгарыла элек.

Сухумиге кечээ (жекшембиде) орус тышкы иштер министри Сергей Лавров келип, абхаз жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар кандай маселелерди талкуулашканы тууралуу маалымат айтылган жок. Лавров Түштүк Осетияда да болмокчу.

Ал эми Тбилисиде бүгүн НАТОнун делегациясын күтүп жатышат.

Бул жерде альянс өз Кеңешинин көчмө жыйынын өткөрөт, ага баш катчы Яап де Хооп Схеффер менен бирге блокко кирген бардык өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышат. Көчмө жыйындан соң НАТО-Грузия комиссиясы өзүнүн биринчи чогулушун өткөрөт.

Бул комиссия НАТОнун тышкы иштер министрлеринин 19-августта Брюсселде өткөн жыйынында кабыл алынган чечимге ылайык түзүлгөн эле.

Грузиянын вице-премьери, европалык жана евроатлантикалык интеграция министри Георгий Барамидзе НАТО Кеңешинин бүгүнкү көчмө жыйынын “Грузияга альянска мүчө болуу планын сунуш кылуу жолундагы маанилүү этап” катары мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG