-Эмилбек мырза, буга чейин Коомдук парламент эки жолу жыйын өткөрүп өлкөдөгү энергетика, азык-түлүк, экономика, чек ара жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү жана алдын алуу боюнча бийликке кайрылды эле андан кандай майнап чыкты?
Э.Каптагаев: - Биздин коомдогу азыр эң чоң көйгөй ушул болуп турат да. Биз азыр бири-бирибизди уккан жокпуз. Угууга дагы аракет кылган жокпуз. Мына тээ жаз чыгып, чыкпай Коомдук парламентте ушул энергетика, азык-түлүк маселеси каралып, ошондо энергетикада түзүлүп келаткан оор кырдаал жөнүндө аябай терең сөздөр айтылды эле. Ошондо өкмөткө бир топ сунуштар айтылган. Мына бирок андан эч кандай майнап чыккан жок. Ошол кезде ушул маселелерге мамлекеттик деңгээлде маани берилген жок. Эми ушундан бир жыйынтык чыгарууга болот эле да. Оппозиция дагы бир нерселерди айтып атышат.
Бир жүйөөсү болбосун, карап көрөлү деген аракет дагы, кыймыл дагы болгон жок. Мына жыйынтыгын эми көрүп жатабыз. Энергетика кандай абалга туш келди? Жалпы эле биздин экономика кандай абалга туш келип жатат? Мунун баары эле “айта берет, жүрө берет” деген туура эмес саясаттын кесепетинен улам болуп жатат.
-Коомдук парламенттин бүгүнкү отурумунда Кыргызстандын өнүгүү концепциясы, башкаруу системасын реформалоо сыяктуу маселелер талкууланат экен. Ушул маселелерге бийлик маани берет деп ойлойсузбу?
Э.Каптагаев: - Эми айтылган сөздөн же сунуштан сөзсүз эле бир тыянак чыга берет деп айтыш кыйын. Бул азыркы бийликтин саясаты ушундай болуп атат да. Бирок тилекке каршы, коомдун өнүгүү багыты, коомдогу болуп жаткан процесстер боюнча биз жана Кыргызстандын келечегин ойлонуп отурган ар бир адам өз ойлорун ачык айтууга мезгил келгенин көрсөтүп турат. Коомдук парламенттин бүгүнкү жыйынында ушул жөнүндө сөз болмокчу.
Бүгүнкү кырдаал канчалык деңгээлде терең кризиске батты. Ушул кризистен кантип чыгуунун жолдорун талкуулап, коомчулукка алып чыгуу каралмакчы. Коомчулук азыркы өлкөдөгү экономикалык кырдаал жөнүндө ачык-айкын маалымат алышы зарыл.
-Эмилбек мырза, Коомдук парламентте бийликтин кемчилигин сындап эле тим болосуздарбы же кандайдыр бир конкреттүү сунуштарды бийликке жолдойсуңарбы?
Э.Каптагаев: -Эми коомдогу конструктивдүү келечекти ойлогон күчтөрдүн аракети бүгүн талкууланмакчы. Албетте, кризистен чыгуунун реалдуу жолдору бийликке сунушталат.
- Сиз бүгүн “Улуу биримдик” партиясынын атынан дагы билдирүү жасайт экенсиз? Анын маани маңызына токтоло кетсеңиз?
Э.Каптагаев: -Биз бардык коомдук күчтөргө бир эле сунуш менен кайрылып жатабыз. Мына буга чейин оппозиция деп, бийлик деп бөлүнүп келди. Оппозиция болсо ич ара ыркы келбей, сай-сайга бөлүнүп келди. Мына ошол бөлүнүп келаткандагы лидерлердин абалын дагы көрдүк. Кээ бири ошол өздөрүнүн көмөчүнө күл тартып эле, элдин көйгөйүнөн, элдин ишеничинен түз пайдаланганга аракет кылды. Айрымдары пайдаланып дагы кетти.
Мына ушундай шартты уланта берсек биздин мамлекет - мамлекет катары, эл эл катары жашабай турганын, эртең жок болуп кетүү коркунучу бар экенин айталы деп турабыз.Мына ушундай шартта элдин ишениминен чыкпай, элдин үмүтүн тилегин, келечекке болгон кичине бир бүлбүлдөп турган шам чырактай болгон жакшылыкка карата үмүтүн үздүрбөй, мамлекетти туура жолго баштоо жолдорун көрсөтөлүк деген ой болуп жатат.