Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:34

А.СЕЙИТКАЗИЕВ: “КЛАН” ДЕГЕН ТУУГАНДАРДЫН ЧОГУЛГАНЫ, АНДАН БИЗ АЛЫСПЫЗ ГО.


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Соңку учурда Кыргызстандагы көз карандысыз басма сөз булактарында өлкөдөгү саясий бийликтин айланасындагы ар кандай кызыкчылык топторунун “оюндары” тууралуу маалыматтар көп чыга баштады. “Азаттыктын” түз маегинин коногу Жогорку Кеңештин Коммунисттер фракциясынан депутаты Анаш Сейитказиев Кыргызстандын саясий элитасынын учурдагы көрүнүшүнө баа берди.

- Анаш мырза, жогорудагы макалада айтылгандай массалык маалымат каражаттарында бийлик ичиндеги топтордун тирешүүсү күчөп баратканы айтылууда. Чындыгында эле Ак үйдө кландык топтордун кармашуусу башталдыбы же маалымат каражаттарынын апыртмасыбы?

А.Сейитказиев: - Биринчиден, клан десек, анда силер айткандай “клан” деген туугандардын чогулганы. Кландыктан биз алыспыз го. Бүгүнкү күндө бүт эле Кыргызстандын эли бөлүнүп түштүк, түндүк кылып, эми азыр айтып аткандай эле кландык бөлүнүштөн биз кичине алысыраак болсок жакшы болот эле. Бүгүнкү күндө ойлой турган максаттарыбыз көп, бөлөк. Мына күзгү себүү башталып атат, үрөн 58 сомдон келип атыптыр, анан кийин биз клан деп өзүбүз эле өзгөчө бир саясатчылардын аброюн, деңгээлдерин жогорулатып атабызбы.

Ошон үчүн мындай маселелерди азыр койсок. Илгери сарбагыш, солто деп бөлүп... Кыргызстан кичинекей эле алакандай эл. Биз болсо ар бир уруу-уруу кылып эле, клан түзүп алып туруп эле кете беребизби. Ошон үчүн Советтер Союзунун Коммунисттер партиясы колдонуп жүргөн интернационализм деген, Кыргызстанда 60тан ашык улуттун калкы жашайт. Ошолордун бүт саясий жакшы идеологиясын бүгүнкү күндө ойлоп чыгарып, ошолордун жакырчылыктан чыгара тургун турумушун, кайсы жол менен алып чыгабыз деген, ошонун тегерегинде иш кылсак, биздин жетекчилерибиз деле ошого элди үгүттөп алып барса.

Өзгөчө мен дагы маалымат каражаттарынын кызматкерлерине кайрылып кетет элем - ушундай проблема бар деп жазып, теледен көрсөтсө эле, негизи проблема деле жок, муну өзүбүз эле проблема кылып, силердин коллегаларыңар эле чыгарып, проблема кылып атат. Талкууга жата турган деле кеп эмес. Негизи Чүйдө, Бишкектин тегерегинде жылдан-жылга кланга, трайболизмге, түндүк, түштүк деп ызы-чуу кылып атып эле, мына орус калкы, бакша кичинекей калктын элдери өздөрүнүн эртеңки күнүн, келечегин Кыргызстанда көрө албай, бүгүнкү күндө канчасы көчүп кетип атат.

- Бийлик ичинде эки топтун дейбизби, эки тараптын дейбизби айтор алардын тирешүүсү канчалык деңгээлде мамлекетти алсыратышы мүмкүн. Бул маселеге саясий өңүттөн кандай баа бересиз?

А.Сейитказиев: - Эч качан бизде тирешүү мамлекетти алдыга алып барбайт. Мамлкетти керек болсо талкалап жок кылганга чейин алып баруусу мүмкүн. Ошон үчүн бүгүнкү күндө клан бар деп биздин деле көзүбүз жетпейт, группировкалар бар деп өз аты менен айтыш керек. Клан деген анда сарбагыштардын, солтолордун, саяктардын, ичкилик ж.б. клан деп бириктирсек болот.

Аны дагы ажыратып туура элге бериш керек клан деген эмне, группировка деген эмне деп. Азыр клан, группировкалар өз кызыкчылыгын жогору коюп, коомчулуктун кызыкчылыгынан алдыга койгон бул негизи жакшылыкка алып барбайт болуш керек.

- Мына ушундай топтордун саясий кандайдыр бир калыбын туруксуз абалга келтирүүнү каалаган адамдарды топтотуу боюнча парламент депутаттары кандайдыр бир сунуш киргиздиңиздерби?

А.Сейитказиев: - Бул ачык түрүндө болсо бир жөн эле да. Бул бир саясатчынын же бир журналисттин ою эле болуш керек ушундай бар жүрүп атат деп. Негизи бул жагынан бүгүнкү күндө Кыргызстанда Союз учурундай жакшы идеология болсо. Мына 17-18 жыл эгемендүүлүк деп жашап атабыз, бир жакшы саясий идеология жок болуп атат.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG