Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

17:00 Ош облусунда депутаттыкка талапкерлерди каттоо аяктады


Облуста район-шаар кеңештеринин депутаттыгына 1021 адам өз талапкерлигин коюп, алардын 976не расмий талапкерлик күбөлүгү берилди. Расмий катталгандардын аттары ымдары шайлоо баракчасына киргизилет. 5-октябрдагы шайлоодо облустагы район-шаар кеңештеринин 341 депутаты шайлануусу керек. Катталган талапкерлердин арасында беш саясий партиянын отуз мүчөсү бар. Талапкерлердин ичинде аялдар эркектерге караганда сандык жагынан жети эсе аздык кылат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттык орундары үчүн «Жаңы Кыргызстан» партиясынын 16, «Эркиндик» партиясынын 8, Компартиянын 29 мүчөсү талашууда. (YA)

XS
SM
MD
LG