Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:19

УКРАИНА: "САРГЫЛТ" КОАЛИЦИЯНЫН ТАРАШЫ МЕНЕН САЯСИЙ КЕЛЕЧЕК БҮДӨМҮК


Украинада бийликтеги "саргылт" коалиция расмий тарады. Мунун менен саргылт ыңкылап боюнча мурдагы өнөктөштөр Виктор Ющенко жана Юлия Тимошенконун саясий кызматташтыгы токтоду жана өлкөнүн демократиялык келечегин кайрадан бүдөмүк абалга алып келди. Бул окуя ошондой эле Украина менен Батыштын мындан аркы кызматташтыгын кармаган фактор болушу мүмкүн.

"Саргылт" коалициянын иши токтогонун шейшембиде расмий жарыялап жатып, украин парламентинин төрагасы Арсений Яценюк муну "узактан бери күтүлгөн, бирок өтө өкүнүчтүү" окуя катары мүнөздөдү.

Анткен менен мындай кырдаалдын түзүлүшүнө кыбаасы кангандар да болбой койгон жок. Өлкөнүн мурдагы премьер- министри, орусиячыл маанайдагы Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович:

-Паравоз келди жана сазга түшүп калды. Демократиялык деп аталган, чынында эч убакта болбогон, коалиция күндүн алдындагы шүүдүрүмдөй эле бууланып кетти.

Шейшембиде расмий тараган "саргылт" коалицияга премьер- министр Юлия Тимошенконун блогу менен президент Виктор Ющенконун партиясы катары эсептелген "Биздин Украина – Элдик өзүн-өзү коргонуу" блогу кирчи.

Алардын коалициясы былтыр сентябрдагы кезексиз парламенттик шайлоодон кийин куралган. Коалицияга эки тараптан 227 депутат кирген. Украинанын 450 депутаттан турган Жогорку радасында парламенттик көпчүлүктү түзүү үчүн 226 мандат талап кылынат.

Шейшембидеги жарыя 3-сентябрда башталган жараяндын расмий жыйынтыгы болду.

Анда президент Ющенконун партиясы коалициядан чыгуу үчүн добуш берген эле. Буга Юлия Тимошенконун блогу келишкис атаандашы деп эсептелген, мурдагы премьер- министр Виктор Януковичтин Региондар партиясы менен биригип, президенттин ыйгарым укутарын чектеген, ага импичмент жарыялоо процедурасын жөнөкөйлөштүргөн мыйзамдарды кабыл алышы жүйөө болду.

Коалицияны калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликке жетпеди жана ал үчүн мыйзамда көргөзүлгөн мөөнөт 13-сентябрда аяктады. Эл аралык мамилелер боюнча Варшавадагы борбордун башчысы Еугениус Смолар батышчыл багыттагы өнөктөштүктүн ыдырашынын Украина үчүн залакасы тууралуу мындай дейт:

-Президенттик үчүн күрөштүн келечегинен алганда, бул жаңылык Украина үчүн алдыдагы он сегиз ай саясий жактан тушалуу болот дегенди билдирет. Бул - Украина үчүн жаман жаңылык, Украинанын НАТО жана Еврошаркет менен кызматташтыгы үчүн да жаман жаңылык.

Украинанын кезектеги президенттик шайлоосу 2010-жылы өтүшү керек. Буга чейин байкалгандай, ага Ющенконун да, Тиомшенконун да катышуу ниети бар. Дегеле 2004-жылкы "саргылт" ыңкылапта жылдызы жанган бул эки лидер расмий кызматташтыкты кармашканы менен ошондон бери эле атаандашып келе жатышат.

Маселенин өзүгү барып-келип эле Украина Орусия мененби же Батыш менен болушу керекпи деген суроого такалып жаткандай.

Ющенко өлкөсү Еврошаркетке жана НАТОго интеграцияланусун жактайт. Өткөн айда Грузия менен согуш учурунда Орусияны кескин сынга алган. Тимошенко болсо тескерисинче бул маселе боюнча унчуккан жок. Мындай жагдай Ющенконун аны 2010-жылкы шайлоону утурлай Кремль менен жашыруун кызматташып жатканы үчүн айыптоосуна алып барды.

Ющенконун жана башка батышчыл саясатчылардын аракетине карабай, өлкөнүн саясий ыйкы-тыйкылыктан башы чыкпоосу, өз ара Чыгыш-Батыш деп бөлүнүүсү Европага интергацияланууга тоскоол болуп келүүдө.

Өткөн аптадагы самитте Еврошаркет Украина менен мамилени тереңдетүүнү колдоду, бирок шаркеттеги болочок мүчөлүгү боюнча ачык-айкын убада берген жок. Быйыл апрелдеги саммите НАТОда ага Мүчөлүк аракет планын сунуш кылган эмес.

Эми алдыдагы отуз күндүн аралыгында, Жогорку Радада жаңы коалиция түзүлүүсү керек, болбосо президентте парламенти таратып, мөөнөтсүз шайлоо жарыялоо укугу бар. Айрым байкоочулардын баамында жаңы өнөктөштүк Тимошенко менен Януковчтин партиялары ортосунда түзүлчүдөй. Окуялардын мындай өнүгүшү Орусия тарабынан кубаттоого алынмак.

Бирок польшалык талдоочу Еугениус Смолар белгилегендей, Украинанын иштерине кийлигишип жатканы үчүн Оруияны айыптоого жүйөө жок. Жоопкерчилик Тимошенко менен Ющенкодо:

-Премьер- министр Тимошенко айым менен президент Ющенконун алакасын анализдегенде, анык эле душмандардыкындай болбосо да, кастык турат. Алга эч нерсе жылбай жатканын көрүү үчүн сиз Орусияга муктаж эмессиз. Бул парламент тушалып калды. Биздин баарыбызда "саргылт" ыңкылап боюнча өнөктөш деп аталгандарга кандайдыр бир сезим бар, бирок менимче биз эми бул жөнүндө унутушубуз керек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG