Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

ТҮРКИЯ: ЖИКЧИЛ ТОПКО КАРШЫ СОГУШ ӨЗҮН АКТАЙБЫ?


Түркиянын куралдуу күчтөрү күрттөрдүн ПКК аттуу жикчил тобуна каршы аскердик өнөктүктөрдү тынымсыз улантууда. ПККга каршы күрөш чейрек кылымдан бери жазбай улантылып келатканына карабастан, маселени бир гана аскердик чаралар менен жөнгө салуу мүмкүн эмес дегендердин саны бир топ.

Чынында деле, чейрек кылымдан бери, кээде чек аранын аркы жагында Ирактын аймагында көпчүлүк учурларда өлкөнүн чыгышындагы тоолуу аймактарда ПККга каршы токтоосуз күрөш жүргүзүлүп келди. 1990-жылдардын соңуна карата аталган уюмдун жетекчиси Абдулла Өжалан кармалып абакка камалгандан кийин уюм ыдырап ойроңдоп кетет дегендери да болду. Бирок ПКК мурдагысындай күчтүү болбосо дагы, өзүнүн жикчил согушун али да болсо улантууда.

Саясий байкоочулардын пикиринде, ПККны бир гана аскердик чаралар менен жок кылуу мүмкүн эмес; өлкөдө адегенде бул жикчил уюмдун жаралуусуна себеп болгон шарттар, эң оболу экономикалык жактан өлкөнүн чыгыш аймактарынын салыштырмалуу артта калгандыгы жоюлмайын, мындайча айтканда чиркей өскөн саздак кургамайын, аты ПКК болобу же башка бир аталыш менен кайра түзүлүп чыгабы - баары бир маселе чечилбейт дешет адистер.

Jane’s Defense Weekly аттуу журналдын кийинки санында жарыяланган бир макалага ылайык, бул чындыкка көзү жеткен Түркиянын башкаруудагы өкмөтү, бийликке келери менен, чыгыш вилаяттардын экономикалык көйгөйлөрүнө назар сала баштады.

Аскердик күрөш уланып жаткан кезде өкмөт, жикчил уюмдун жаңыча жаш согушкандар менен тейленүүсүнүн алдын алуу максатында экономикалык жортуул баштаган менен, башкаруудагы “АК” партия 2007-жылы экинчи жолу өкмөт болгондон кийин ал саясатынын артын уланта албай калган.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында куралдуу күчтөр ПККга каршы чек аранын аркы жагында Ирактын жеринде жана өзүнүн аймагында ири аскердик өнөктүк баштады. АКШнын чалгындоо маалыматтарды тең бөлүшүүсү аркылуу ПККнын Түндүк Ирактагы базаларына абадан ийгиликтүү чабуулдар уюштурулду, бирок арадан көп өтпөй туруп эле ПКК кайрадан чабуул койо баштады. Президент Абдулла Гүл билдирүүлөрүнүн биринде буларды айтты:

- Мындай террордук актыларды күчтүү тил менен жеригенимди билдиргим келет. Бул кылмыштарды уюштургандар, ага колдоо көрсөткөндөр менен күрөш мындан ары дагы жазбай улантылат.

Jane’s Defense Weekly журналында чыккан макалада куралдуу күчтөрдүн ПККга каршы аскердик чараларын улантуу абзел болгон менен бирге түрк бийлигинин иридеги экономикалык өнөктүгүн кайра баштап, өзгөчө Түндүк Ирактагы жергиликтүү күрддөрдү башкаруу менен мамилени оңдоонун негизинде, аймактагы чек ара соодасын кайра жандандыруусу жергиликтүү экономикага дем берип, бери дегенде жаштар арасында жумушсуздуктун азайуусуна алып барар эле.

XS
SM
MD
LG