Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Орусия НАТО делегациясынын Грузияга сапарын сынга алды


Орусия тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, НАТО делегациясынын сапары "антиорусиячыл" болду жана альянстын кансыз согуш доорунан калган ой жүгүртүүсүн чагылдырды.
Орусиянын ТИМи белгилегендей, НАТОнун расмий өкүлдөрүнүн баасы тең салмактуу болгон жок, алар согуштун Түштүк Осетиядагы эмес жалгыз Грузиядагы гана зыянын көрүштү.
НАТОнун башкатчысы Яаап де Хооп Схеффер апта башында Тбилисиде Түндүк Атлантикалык кеңештин көчмө, НАТО-Грузия комиссиясынын туңгуч жыйынын өткөргөн эле.
Ага катар НАТОнун өкүлдөрү өткөн айдагы кыска согуө учурунда Орусиянын учактары менен танктары бутага алган Гори шаарын кыдырышкан.

XS
SM
MD
LG