Окуянын кандайча болгону азырынча толук тактала элек. Болгону жергиликтүү бийликтер террорчулар полиция формасын кийинип алып, эки машинада элчиликке жакындап келишкенин, күзөтчүлөр короого киргизбей жол тоскондо аларды аткылап киришкенин айтышууда. Машинада катылган эки бомба да ошол маалда жарылган дешет. Буга удаалаш буктурмада турган топ элчиликти гранатометтон үч-төрт курдай аткылаганга үлгүргөн. Айыгышкан атышта эки тараптан алтыдан киши өлгөн. Жөн-жайкын бараткан дагы төрт кишиге ок жаңылган.
Арадан көп аялдабай “Йемендеги жихад тобу” деп аталган жергиликтүү уюм бул иш үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Жихадчылар түрмөдө жаткан мүчөлөрүн бошотууну талап кылышты, болбосо аймактагы башка өлкөлөрдө да ушундай иштерди уюштура тургандыгын эскертишти.
“Бул иште “Ал-Каида” жасап жүргөн кыянаттардын бардык белгилери бар”,- деп билдирди Вашингтондо мамлекеттик департаменттин өкүлү Шон Маккормак. Алардын арасынан Маккормак автомашиналарды жардыруу ыкмасын Усама бин Ладендин тарапкерлери колдонгон энчилүү усул катары атады. Ошону менен бирге ал азырынча бир жаңсыл бүтүм чыгарганга эртелик кыларын да кошумчалады.
Президент Жорж Буш болсо бул окуяны “АКШнын экстремисттер менен согуш абалында турганын эстеткен” далилге жоруду. Буштун айтымында, террорчулар америкалыктардын үшүн алгысы келишет, алардын Жакынкы Чыгыштан чыгып кетишин көздөшөт. Бирок АКШ экстремисттерге каршы күрөштө региондогу өлкөлөргө жардам көрсөтмөкчү.
“Йемен өкмөтү экстремисттердин аракети жергиликтүү бийликтерге да багытталган коркунуч экенин, проблеманын олуттуулугун жакшы түшүнөт”,-деп билдирди Маккормак. Коопсуздукту бекемдөөдө көп иштер жасалганын жана да жасалса болорун белгилеп, ал бу жагынан АКШ йемендиктер менен ийиндеше иштеше тургандыгын ырастады.
Америкалыктардын Санадагы элчилигине экстремисттер биринчи ирет кол салышкан жок. Былтыр апрелде дипломатиялык мекеме минометтон аткыланып, бир ракета элчиликке катарлаш турган кыздар мектебине тийген, эки кыз набыт болгон.
Йеменди адатта Усама бин Ладендин урук журту деп эсептешет. Бул жерде ага урукташ уруулар жашайт.