Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:16

А.ШЫКМАНБЕТОВ: “АТА МЕКЕНДИН” НАРЫНДАГЫ КЕҢСЕСИНИН ЖАБЫЛЫШЫ САЯСИЙ КЫСЫМ


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек “Ата Мекен” партиясынын Нарын облусу боюнча координатору Алмамбет Шыкманбетов аталган партиянын Нарын шаардык уюмунун кеңсесин укук коргоо органдары тинтүүгө алып, компьютерлерди алып кетишин саясий кысым катары баалады. Анын айтымында, кеңседен табылган жүздөн ашык баракча Ревкомдун элге кайрылуусу экен жана аны таратуу боюнча партиянын мүчөлөрүнө Бишкектен эч кандай көрсөтмө болгон эмес. Бул тууралуу Шыкманбетов “Азаттыктын” таңкы маегинде кеп салып берди.

- Алманбет мырза, «Ата Мекен» партиясынын Нарын шаардык уюмунун кеңсесин укук коргоо органдары тарабынан жабылганы боюнча бүгүнкү күнгө кандай жаңы маалыматтар бар?

А.Шыкманбетов: - Биз кечээ бул окуя боюнча маалыматты партиянын Нарын шаардык уюмдардын өкүлдөрү менен байланышып тактадык. Алардын билдиргенине караганда, мурда күнү (16-сентябрь) “Ата Мекен” партиясынын Нарын шаардык уюмунун кеңсесине Нарын облустук коопсуздук кызматынын жана милиция кызматкерлери келишип, кеңсенин ичинен жүздөн ашуун А.Бекназаров түзгөн Революциялык комитеттин баракчалары табылыптыр. Ошону менен кошо укук коргоо органынын кызматкерлери кеңсээдеги компьютерди алып кетишиптир.

- Укук коргоо органдарынын кызматкерлери айтышкандай Нарындагы кеңсесинен табылган баракчалар мамлекеттик түзүлүшкө каршы багытталыптыр. Ошол баракчалардын маани-маңызына да токтоло кетсеңиз?

А.Шыкманбетов: - Бул баракчаларды мен өзүм көргөн эмесмин. Бирок мурда күнү «АКИ-пресс» маалымат агенттигинен Революциялык комитетти түзүүчүлөрдүн бири Азимбек Бекназаров маалымат жыйынын өткөрүп, ачык-айкын Ревкомдун максаттары, алдыда боло турган иш аракеттери тууралуу жалпы жумурай журтка массалык маалымат каражаттары аркылуу билдирүү жасаган. Ошол ревкомдун баракчалары биздин кеңсээден табылыптыр.

Биз ал баракчалар кандайча келгендиги жөнүндө териштиргенибизде, биздин өкүлдөр түшүндүрүштү. Ал баракчаларды биздин кеңсээге Бишкектен кагаз берип жиберди деп такси таштап кетиптир. Бирок бизден ал баракчаларды тараткыла деген аларга көрсөтмө болгон эмес. Ошол баракчаларды тараткыла же болбосо биз Бишкектен берип жибердик деген.

Анан алар ал баракчаларды тактайбыз деп Нарын облусундагы партиянын уюмунун төрайымы Кенжегүл Сатыбалдиева эртеси күнү Бишкекке «Ата Мекен» партиясынын баш кеңсээсине жол тарткан. Ал Бишкекке жөнөгөндө укук коргоо органдары кеңсеге кирип келип, жанагыдай окуя болуптур.

- Буга чейин “Ата Мекен” партиясынын облусундагы мүчөлөрүнө бийлик тараптан, укук коргоо органдары тарабынан кысым көрсөтүлгөн жок беле?

А.Шыкманбетов: - Мындай кысым көрсөтүлгөн эмес. Түздөн-түз кеңсеге келип же болбосо имаратты жаап, тинтип. Бирок мурда ар кандай конференция, жыйын, митингдерди өткөргөндө жергиликтүү бийлик имарат бербей, светтерди өчүрүп жана башка ушул сыяктуу тоскоолдуктарды административдик ресурстарды колдонуп жасап келишкен. Мындай кеңсеге кирип келиши биринчи жолу болуп жатат.

- 5-октябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоого “Ата Мекен” партиясынын канча мүчөсү талапкерлигин койду?

А.Шыкманбетов: - Нарын шаардык жергиликтүү кеңешке биздин партиянын атынан 3 киши талапкерлигин коюп жатат. Анын экөө партиянын атынан, бирөө өзүн-өзү көрсөтүү менен. Ал эми башка райондордо дагы катышып жатышат, бирок жергиликтүү бийлик каршылык көрсөтөтө деп чочулашып, партиянын атынан эмес өздөрүнүн атынан катышып жатышат.

- Учурда Нарын облусунда “Ата Мекен” партиясынын канча мүчөсү бар?

А.Шыкманбетов: - Нарын облусу боюнча «Ата Мекен» партиясынын жети жүздөн ашуун мүчөсү бар.

- Эгерде жергиликтүү бийлик тарабынан “Ата Мекен” партиясына кысымдар улана берсе силердин кадамыңар кандай болот?

А.Шыкманбетов: -Биз өзүбүздүн укугубузду мыйзамда каралган тартипте гана коргойбуз. Биз сотко кайрылабыз. Маалымат каражаттары аркылуу, коомдук пикир аркылуу өзүбүздүн укуктарыбызды коргогонго аракет кылабыз. Ошондой эле эл аралык уюмдарга дагы кайрылабыз.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG