Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

ОРУСИЯГА КАРАП ТҮЗӨЛҮҮ КЕРЕКПИ?


“Борбор Азия мамлекеттеринин, анын ичинде Кыргызстандын көп тараптуу кызматташтыкка умтулуусу суу кечпейт.” Мындай пикирин тарых илимдеринин доктору Александр Князев кечээ Бишкекте маалымат жайында билдирди. Анын алдында Князевдин коомдук фонду “Кыргызстандагы орустар” аттуу китеп чыгарды. Макалалардын топтомунан түзүлгөн бул китепте негизинен Орусиянын Борбор Азиядагы саясатынын өткөнү, азыркысы жана келечеги тууралуу сөз болот. Ошол эле мезгилде китептин түзүүчүсүнүн көз карашын жергиликтүү бир катар талдоочулар сынга алып жатышат.

“Кыргызстандагы орустар” китебинде Борбор Азия падышалык Орусиянын оторчулук саясатына кирептер болгон деген түшүнүк төгүндөлгөн. Кыргыз-орус алакалары өз ара макулдашуулардын чегинде жүргөндүгү 1855-жылдан берки тарыхый фактыларда көрүнүп тургандыгы китептин баш сөзүндө айтылат.

Тарыхый өңүттү эске салган Александр Князев Кыргызстан үчүн Кытайга, АКШга же башка мамлекеттерге караганда, Орусия өтө ыманы ысык мамлекет деп эсептейт. Анын үстүнө Орусиянын келечегине бекем ишенген окумуштуу Борбор Азиянын башка мамлекеттери сыяктуу эле Кыргызстандын көп тармактуу кызматташтыкка азгырылышын жактырбайт:

- Бүгүн АКШга ыктоо, эртең Орусиядан, андан кийин Кытайдан бирдеме суроо доору бүттү. Ал Орусия алсыз, Кытайга көңүл бурулбай турган кез болчу. Бүгүн ким ким менен экенин аныктай турган кез. Бул- менин пикирим. Америка үстөмдүк кылган учур бүттү.

Кыргызстандык талдоочулардын, саясатчылардын кыйласы мындай көз карашты жеке басарлык, улутчулдук катары баалашууда. “Улуу Биримдик” саясий партиясынын лидери Эмил Каптагаев, маселен, Кыргызстан сыяктуу кичинекей мамлекет Орусия, Кытай, АКШ, Евробиримдик, Ислам өлкөлөру менен бирдей мамиле түзүү аркылуу гана көз карандысыз мамлекет катары жашай алат дейт:

- Князев эгер “же-же” деп тандагыла десе, ал таза орустардын азыркы геосаясатынын гана тегирменине суу куюп, бизди ошоякка жетелегенге жана “бешинчи колонияга” бул жердеги орустун өкүлү катары аракет кылып атат да.

Эмил Каптагаев мындай аракеттер 1916-жылы да болгон деп эсептеп, ал үчүн Орусия кечирим сурашы керек, анткени, 1910-жылдан баштап кыргыз жергесинде орустардын “тазалоо” саясаты жүргөн дейт:

- Онунчу жылдан баштап тазалоого киришкен. Анан 16-жылкы көтөрүлүштү шылтоо кылып, провокация менен элди дүрбөтүп, кырып, биякты тазалаган. Бул геноциддик саясат. Жооп берет. Анткени, гербин, желегин алып, биз ошол чоң Россиянын мураскорубуз деп өздөрү айтып атышпайбы. Бизден ошол геноцидге кечирим сурашы керек булар.

Албетте, миңдеген кыргыздардын өмүрүн алган Улуу Үркүн Кыргызстандын өзүндө деле талаштуу маселелердин бирине айланып келатат. Адабий жана коомдук ишмер Мар Байжиев, маселен, үркүндүн келип чыгышына кыргыздар өздөрү күнөкөр, анткени, кызуулукка алдырып, качпай эле койсо, эл кыргынга учурамак эмес, орустар аскерге да алмак эмес дейт:

- Мен ойлойм, бул 16-жылды козгобош да, айтпаш да керек. Анткени, биздин башыбызга иш түшкөндө чакырат экенбиз да, орустун башына иш түшкөндө (империялык согушта) атын багып бергенге да өзүбүзду ыраа көрбөйт экенбиз. Бул – менин позициям.

Анткен менен, экономикалык кырдаал жеңил эмес болуп турган бүгүнкү шартта Орусияга ооп жаткан кыргызстандыктардын саны өсүүдө. Князевдин айтымында, июль айындагы маалымат боюнча Орусияга кетүү маанайы бар кыргызстандык жарандардын саны 130 миңге жетти. Ошол эле мезгилде жылына кыргызстандык миң киши Орусиянын жарандыгын алып аткандыгы – бул факт. Мунун жөнүн Князев Орусия кыргызстандыктарды экономикалык жактан кызыктырып жаткандыгы менен түшүндүрдү:

- Бүгүн тарыхта бардык эле мамлекет жан сактап кетерин көрсөткөн жери жок. Азыр Косово, Черногория, Абхазия, Осетия сыяктуу мамлекеттер пайда болуп атат. Чыгыш Тимор бөлүнүп чыкты. Дагы башкасы пайда болушу мүмкүн. Бирок, постсоветтик мейкиндикте Орусиядан башка чоң тарыхый келечеги бар бир да мамлекетти атай албайм.

Эмил Каптагаев болсо буга кош жарандуулукту киргизип, Орусиянын түпкүлүктүү саясатын колдоо аркылуу Орусиянын чырагына Кыргызстан май тамызып койду дейт:

- Биздей майда эл үчүн бул өзүн өзү өлтүргөнгө барабар. Азыр Абхазия менен Түштүк Осетияны көрүп атпайбызбы. Ал жерге орустар өз жарандарыбызды коргойбуз деп кирип атышпайбы. Анткени, абхаздар менен осетиндердин бардыгы Орусиянын жараны болуп алышкан.

Каптагаевдин пикиринде, Кантта Орусиянын аскерлеринин жайгашып турушу эле Кавказ маселеси кайталанбайт деген кепилдик берилбей тургандыгын шоораттап турат.

Ошол эле мезгилде Кыргызстандын Орусиядан башка ишенээри жок деп эсептеген Мар Байжиев да кыргызстандыктардын Орусиянын жарандыгын жапа тырмак ала башташы жаккан жери жок:

- Түштүктүн баары бош калды. Баары биякта жүрөт. Өзбектер, тажиктер кирип келип атат дейт айылдарга. Үйлөр ээн турат.

Бирок коомдук ишмердин кыргызстандыктардын качандыр бир учурда кайтып келет деген үмүтү бар. Ал эми көз карандысыз талдоочулар мамлекеттик ырааттуу саясаттын жоктугу Кыргызстанды жогорудагыдай жагдайларга кирептер кылып жатканын айтышууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG