Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:09

Б.ТӨЛӨБЕКОВ: КЫРГЫЗДАРДЫН ОРУС ЖАРАНДЫГЫН АЛУУСУНА МАМЛЕКЕТТИК КӨЗӨМӨЛ КЕРЕК


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясынын ордо кеңешинин төрагасынын орун басары Батырбек Төлөбеков бийликке ишеним эл арасында солгундап баратканын, кыргыз атуулдарынын массалык түрдө орус жарандыгын алуу маселесине мамлекеттик көзөмөл кылуу кректигин “Азаттыктын” таңкы түз маегинде билдирди.

- Батырбек мырза учурда оппозиция бийликке элдин ишеними кетти деп байма-бай айтып чыкты. Ал эми расмий бийлик болсо эл азыркы бийликке ыраазы экендигин белгилешүүдө. “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясы жакында үч дубанды кыдырып, жумурай журт менен жолугушуп келбедиңерби. Ал жерлерде бийликке элдин ишеними кандай экен?

Б.Төлөбеков: - Жакында биз Чүй, Нарын, Талас облустарын кыдырып эл менен жакындан жолугушуп келдик. Биз ал жерде партиялык ячейкаларды жаңылап түзүп жатабыз. Мына ошол сапарыбызда карапайым калк менен жолугушуубузда алар электр жарыгынын тез-тез өсүшүнө, азык-түлүккө баалардын кымбатташына кыжжалат болушуп, нааразы болгондорун билдиришти.

Эмне үчүн мамлекет өзбүздүн ГЭСтерибиз турса электр жарыгын өчүрүп жатышат? Сууларды түн ичинде эмнеге көп өлчөмдө агызып салышкан? Булардан түшкөн каражат эки-үч адамдын жеке чөнтөгүнө түшүп жатат деген бүдөмүк ойлор айтылууда. Ошондуктан жалпы элдин бийликке ишеними солгун болуп жатат.

- Батырбек мырза, эми Кыргызстандын көптөгөн жарандарынын Орусиянын атуулдугун алып жатышына байланыштуу маселеге токтолсок. Айрым бир божомолдорго караганда Кант шаарында жергиликтүү тургундардын Орусиянын жарандыгын алуу тенденциясы күчөп жатыптыр. Мындай көрүнүш Кыргызстанда дагы Түштүк Осетия, Абхазиядагыдай абалды түзбөйбү?

Б.Төлөбеков: - Сөзсүз түзүлөт. XXI кылымда Орусия күчтүү державага айланды. Ал албетте, НАТОго каршы саясатын жүргүзөт. Себеби, НАТОнун аскерий базасы Манас аба майданында турбайбы. Бирок жанагы Канттагы орусиянын паспортторун берүү жөнүндө божомол чын болсо, анда бизде Түштүк Осетиядагыдай болушу толук мүмкүн.

- Батырбек мырза, массалык маалымат каражаттарында кыргыз атуулдарынын орус жарандыгын массалык түрдө алып жатышы кабарланууда. Мына ушул маселеге мамлекет көзөмөл кылышы керекпи?

Б.Төлөбеков: - Менин оюмча, жанагы бизде кош атуулдукту алуу боюнча мыйзам чыгарып коюшпадыбы. Мына мунун терс таасири тийиши мүмкүн. Абдан жаман кеспетин тийгизет. Себеби дегенде, Кыргызстандын ал-күчкө толгон айрыкча билимдүү жаштары мекенин таштап, жакшы турмуш издеп чет жактарга кетип жатпайбы. Буга мындай деген факторлор менен жооп бергим келип жатат.

Кыргызстандан кетип жаткан жаштар келечектен үмүт үзүп, татыктуу жашоосу, жумуш орундары жоктугунан улам өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болуп атышат. Жумуш табылса дагы тааныштар, пара берүү жолу менен табылуусу, айлык маяналардын аздыгы барып келип социалдык проблемаларга айланып жатпайбы.

Жаштар жөнүндө мамлекеттик саясаттын жоктугу, аларга тиешелүү көңүл бурулбай жаткандыгынан патриоттуулуктун жоголуп баратышы албетте, мамлекеттүүлүккө коркунуч туудурат. Мына ушундай көйгөлүү маселелерге бөгөт коюу багытында “Асаба” улуттук партиясы иш чараларды өткөрүп жатабыз. Жакында эне тили жана мекенди сүйүү, патриоттуулукка байланыштуу иш чараларды өткөргөнү жатабыз.

Бул маселелерди өкмөт жандандырып, мамлекеттик деңгээлде иш алып барбаса, эгемендүүлүгүбүздү жоготуп алабыз. Ааламдашуунун шарданында “кумга сиңген суудай болуп” жок болуп кетүү коркунучу бар. Ошондуктан кыргыз жарандарынын башка өлөлөрдүн жарандыгын алып кетүүсүнө мамлекет катуу көзөмөл кыоышы зарыл. Болбосо эртең кеч болуп калат.

-Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG