Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:05

А.САЛЫМБЕКОВ:“ДОРДОЙ- ДИНАМО” АЗИЯ КУБОГУН САКТАП КАЛУУГА АРАКЕТТЕНЕТ


Маектешкен Кабыл Макеш, Бишкек Бүгүн (19-сентябрь) Бишкектеги «Спартак» стадионунда Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогунун жарым финалдык беттешүүлөрү болот. Жарым финалдык биринчи беттешүүгө Тажикстандын чемпиону “Регар-ТадАз” командасы менен Түркмөнстандын чемпиону “Ашхабад” командалары күч сынашат. Ал эми экиничи жарым финалда кечке жуук Непалдын чемпиону “Непал Полис Клаб” командасы менен Нарындын “Дордой-Динамо” командасы беттешет. Бишкекте өтүп жаткан футбол мелдештери тууралуу “Дордой” футбол клубунун президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков “Азаттыктын” спорттук баяндамачысына маек куруп берди.

- Аскар мырза, Бишкекте бүгүн башталган Азиянын футболдук континенталдык федерациясынын президентинин Кубогунун жарым финалдык беттешүүлөрү тууралуу айтып берсениз?

А.Салымбеков: -Азиянын футболдук континенталдык федерациясы өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн арасында бул оюнду жайылтуу максатында 16 команданын ортосунда мелдеш өткөрүүнү салтка айлантуу аракетинде эле. Бул турнирдин алгачкы жеңүүчүсү - Тажикстандын чемпиону «Регар» командасы болгон. Ал эми мурдагы жылы Кыргыз футболунун тарыхында биринчи жолу Азиянын Футболдук континенталдык федерациясынын президентинин кубогун Нарындын “Дордой-Динамо” командасы утуп, футбол күйөрмандарын кубанычка бөлөгөн.

Футбол күйөрмандарынын эсинде болсо керек, былтыркы таймашуу Пакистандын Лахор шаарында болуп, “В” тобунда “Дордойдун” футболчулары биринчи беттешүүнү Камбоджа өлкөсүнүн чемпиону “Кхемара” командасы менен өткөрүп, жеңип алган. Андан кийинки атаандаштары Непалдын жана Кытайдын чемпиондору болуп, аларды дагы артыкчылык менен утуп алган эле.

Ошентип “Дордой-Динамо” командабыз экиничи ирээт удаасы менен Азиянын Футболдук континенталдык федерациясынын президентинин кубогун утуп, футбол тарыхыбызда жаңы барак ачып, Азияга таанылган элек.

- Аскар мырза, Бишкекте өтө турган таймашууларда негизги атаандаштар кайсы командалар?

A.Салымбеков: - Быйыл “Дордойчулардын” негизги атаандашы Тажикстандын чемпиону “Регар” командасы же Түркмөнстандын чемпиону “Ашхабад” командасы болгону турат. Экөөнүн кимиси жеңсе финалга чыгып, баш байгеге талапкердин бири болот.

- Кыргызстандын төрт жолку чемпиону, Азиянын футболдук континенталдык федерациясынын президентинин Кубогунун эки жолку жеңүүчүсү Нарындын “Дордой-Динамо” командасынын даярдыгы, камылгасы кандай?

A.Салымбеков: - Биздин Нарындын «Дордой- Динамо» командасынын деңгээли жана даярдыгы дурус. Чет өлкөлөрдөн Африкадан дагы футболчуларды катарыбызга кабыл алдык. Команданы күчтүүлөп, Москвадан атайын адистешкен машыктыруучу да чакырып, келишим түзүп иштөөдө.

Кыргызстанда футболго өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбай келүүдө. Ошондуктан, быйыл Азия кубогун колдон чыгарып жибербөө үчүн биз өз алдыбызча колдон келген бардык аракеттерди көрдүк. Ким күчтүү, ким чемпион болот аны таймашуулар аныктайт. Ошондой болсо да Кыргыз жергесинде алгач ирээт мындай ири футбол турнири өтүп жаткандыктан күйөрмандардын сүрөөнгө алып колдоосу да күч- кубат берет.

Чынында, кийинки 14-15 жылдан бери Кыргызстанда футболдун деңгээли төмөндөп, айылдык, райондук командалардын таймашуусуна айланып бараткан. Ошондуктан демилгени биздей футбол күйөрмандары, сүйүүчүлөрү колго алдык. Ушул турнирде атаандаштарын утуп алдыга чыкпасак, анда уят иш болот.

Команданын катарын негизинен жаштар түзүп жатышат. Чынында машыгууларды өткөрүп, жакшы даярданган элек. «Дордой- Динамо» командабыздын негизги кемчилиги - биздин жигиттердин коргонуу аймагынын начардыгы болчу, аны дагы жойгонго аракет кылдык. Балким финалга кайрадан тажиктер менен чыгып калышыбыз да ыктымал.

Нарындын «Дордой- Динамо» командасынын Азия аймагына таанылышы, кыргыз футболунун ийгилиги, футбол дагы чоң саясат экен. Ушундай духту көтөргөн спорт оюндары гана идеологиянын башаты болушу керек.

- Кийинки жылдары Кыргызстанда футболдун деңгээли акырындык менен жогорулап, чеберчилиги менен таанылган командалар пайда боло баштаганы жакшы жышаан. Ушул турнирде “Дордой” командасы катары менен үчүнчү ирет финалда жеңип чыгууга күч- кудурети жетеби?

A.Салымбеков: - Бул өнүгүп келеаткан өлкөлөрдүн чемпион командаларынын арасындагы мелдеш. Азияда футболдун деңгээли көтөрүүгө, таасирин арттырууга багытталган үчүнчү баскычтагы турнир. Ушул турнирде өз тобунда “дордойчулар” атаандаштарын утуп алдыга чыкканы дурус болду. Эми кыргызстандык жигиттер жарым финалда Непалдын чемпиону “Непал Полис Клаб” командасын жеңсе финалда тажиктер же түркмөндөр менен таймашуусу ажеп эмес.

Быйыл жазында 16-апрелде кечинде Тайвандын Тайпей шаарында Азиянын Футбол континенталдык федерациясынын Президентинин кубогуна арналган мелдеште Кыргызстандын төрт жолку чемпиону Нарындын “Дордой-Динамо” командасы экинчи атаандашы Камбоджанын чемпиону «Нагакорп» командасын 2:0 эсебинде утуп, өз тобунда биринчи орунду ээлеген.

Спорт күйөрмандарына маалым болгондой 14- апрелде ушул Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун эки жолку ээси Нарындын "Дордой-Динамо" командасы Тайвандын чемпиону "Тайвань-Пауэр" командасы менен беттешип, мында 3:0 эсебинде кыргызстандык футболчулар жеңишке жетишкен.

Ошондой эле 16-апрелде "Дордой-Динамо" Камбоджанын чемпиону "Нагакорп" менен беттешип, экинчи атаандашын дагы 2:0 эсебинде утуп алуу менен “дордойчулар” финалдык топто ойноого укук алышкан. Балким быйыл дагы утуп алууга бардык күч- аракетибизди жумшайбыз.

“Дордой-Динамо” АФК президентинин Кубогун эки ирээт удаасы менен уткан лидер команданын бири экенин далилдөөсү зарыл. Эми кыргызстандык жигиттер финалдык топко мыктылардын катарына кайрадан чыкты. Негизинен өлкөдө футболду өнүктүрүүнү максат кылган эки эле клуб калды.

Бири ушул “Дордой”, экинчиси Канттын “Абдышата” командасы гана системалуу иш алып барууда. Бул клубдардын балдар, жаштар командалары бар, келечекти ойлогон командалар. Чет өлкөлөрдөн легионерлерди алып келгенибиздин себеби, аларды көрүп жергиликтүү жаштар өссүн деген эле тилек.

Бирок айылдык, айрыкча нарындык таланттуу жаштар футболго маани бербей, биз менен кабарлашпай, багы ачылбай жатат.
XS
SM
MD
LG