Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:29

ЭКИНЧИ ЫҢКЫЛАПТЫН КАРААНЫ КӨРҮНӨ БАШТАДЫБЫ?


Былтыркы парламенттик шайлоодо жеңилүү ызасын тарткан оппозиция соңку күндөрү активдүүлүгүн көрсөтө баштады. Маалымат каражаттарындагы, ак үйдүн жетинчи кабатында президенттин жакын адамдарынын ортосунда айыгышкан кармаш жүрүп жаткандыгы тууралуу кеп-сөздөр да оппозициянын чырагына май тамызып, бийлик терең саясий-экономикалык кризиске кептелип калгандыгы айтыла баштады. Бийлик тарап болсо убактылуу кыйынчылыктар өтөрүн, ар кыл ушактарга ишенбөө керектигин айтышканы менен айрым талдоочулар улам курчуп бараткан абал экинчи революция жыттанып баратканын коңгуроо кагышууда.

Саясат талдоочулардын баамында, элди акча берип көчөгө алып чыгуу, элге акча берүү менен бийликке каршы митинг-пикеттерди өткөрүү аракеттери азыр иштебейт.

Андыктан, соңку кездери активдүүлүгү көрүнө баштаган оппозиция мындай жол менен жакын арада миңдеген адамдар катышкан митингдерди өткөрө алышпайт дешет.

Бирок социалдык-экономикалык кыйынчылыктардын айынан элдин нааразылыгы күчөй бере турган болсо эч кандай оппозициясы жок эле толкундоолор болуп кетиши, ал толкундоолордун аркасы экинчи революциялык кырдаалды жаратып жибериши да мүмкүн экендиги айтылат.

Буга кошул-ташыл соңку кездери президенттин өзүнүн командасында биримдиктин жоктугу, президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов менен президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин ортосундагы кармаш тууралуу маалыматтар оппозициянын чырагына май тамызып, мамлекет башчысы өлкөнү башкара албай калганы тууралуу айың кептер маалымат каражаттарында ачык эле айтыла баштады.

Саясатчы Бекбосун Бөрүбашев бул тууралуу мындай дейт:

- Кээ бир саясатчылар бийликте турган эки чиновник кармаша кетсе эле чуркурашат. Анын кереги жок, бул боло жүргөн эле көрүнүш. Саясий кырдаал башка себептерден улам курчуп кетиши мүмкүн. Анын эң негизги себеби экономика. Экономикалык абал оорлоп баратат. Эгерде ушул бойдон оорлошуу токтобосо, кыш катуу болсо, отун-көмүр жок болсо, нан кымбаттап кетсе, электр жарыгы күйбөсө саясий абал курчуп кетет. Күчөп кеткенде эл өзү эле чыгат. Анан октябрдагы шайлоо, шайлоо учурунда жер-жерлерде нааразычылыктар чыгышы мүмкүн.

Оппозиция жээгиндеги саясатчылар болсо, 2005-жылдан бери бийлик үй-бүлөлүк башкарууну түптөө менен алек болуп келатканын, үй-бүлөлүк бирикменин ичинде дагы каржы тармактарын, таасирлүү орундарды бөлүштүрүү дагы деле жүрүп жатканын, буларды бөлүшө албай акыры Ак үйдөгү тирешүүлөр ачыкка чыга баштаганын айтышууда.

“Улуу биримдик” партиясынын лидери Эмил Каптагаев учурдагы бийликте эл тагдырын, мамлекеттин өнүгүп-өсүшүн ойлогон эч ким калбаганын айтып, учурдагы түзүлгөн кырдаал тууралуу буларга токтолду:

- Азыркы абалды революциялык кырдаал деп айтыш кыйын. Анткени 2005-жылы деле ошончолук революциялык абал жок болчу. Бирок бүгүн биз көрүп тургандай, эл 100 пайыз бийликке нааразы. Эл бийликтин азыркы жүргүзүп жаткан саясатын колдогон жок.

Саясат таануу илиминин доктору, профессор Жолборс Жоробековдун пикиринде, учурдагы кырдаал кандай болбосун ыңкылаптык деңгээлге чейин жетпейт.

Ал эми анча-мынча нааразычылыктар болсо, ал убактылуу экономикалык кыйынчылыктарга байланыштуу болушу мүмкүн:

- Электр жарыгыбыз өчүп, бардыгыбыз караңгыда калып, азык-түлүгүбүз калбай калса эл өзү эле чыгы ыктымал. Бирок ага жетпейт деп ойлойм. Биз бул дүйнөлөшүү доорунда жалгыз эмеспиз да. Мындай кымбатчылык башка өлкөлөрдө да болуп атат. Бийлик мындан чыгып кетет.

Жогорку Кеңештин депутаты Арапбай Төлөновдун айтымында, азыркы тапта бийликтин өзүндө кармаш жүрүп атат деген сөздөр - тастыкталбаган жоромол маалыматтар жана бийлик эч кандай күчүн жоготкон жок:

- Эркин гезиттер каалаганын жазып коюп атышат. Бири-бирин жеп атат, болбой калды деген сыяктуу. Менин пикиримде, бийлик эч кандай күчүн жоготкон жок. Керек болсо мурунку бийликтин каталарын оңдоп атат.

XS
SM
MD
LG