Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

ПАКИСТАН ИШЕМБИДЕГИ ТЕРРОРДУК ЧАБУУЛ ҮЧҮН ТАЛИПТЕРДИ АЙЫПТАДЫ


Дүйнө коомчулугу Пакистандагы жардырууну уюштургандарды айыптоодо. Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Пан Ги Мун ишембидеги Исламабад шаарындагы Марриотт конок үйүнүн жанындагы террордук жардырууну кескин айыптады. Ушундай эле айыптаган билдирүүлөрү менен башка да бир катар коомдук ишмерлер жана АКШ, Индия, Иран, Кытай, Ооганстандын ж.б. мамлекеттердин башчылары жана тышкы иштер министрликтери чыгышты. Жардыруунун айынан бери дегенде 53 киши набыт болуп, 200дөн ашуун киши жаракат алган. Пакистандын ички иштер министрлиги Исламабаддагы ишемби күнкү ири террордук жардырууну талиптер уюштурду деп эсептейт. Соңку апталарда өлкөнүн чек ара аймагындагы исламчыл козголоңчуларга каршы аскердик чаралар күч алган соң, террорчул аракеттер да жанданган.

20-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 19:00 чендерде Пакистандын ордо шаарындагы Марриотт (Marriott) конок үйүнө бомба катылган унаа жакындап келип, сакчылар унааны текшере баштаганда ири жардыруу болду.

Адистердин оюнча, оор жүктү оодарып түшүргүчү бар чоң унаада бери дегенде бир тоннадай жардыргыч зат болгон.

Жардыруунун айынан бери дегенде 53 киши набыт болуп, 200дөй киши жаракат алды. Айрым булактар өлгөндөрдүн санын дээрлик 60 болуп калды деп көрсөтүшүүдө.

Курман болгондордун арасында Чехиянын Исламабаддагы элчиси Иво Здарек (Ivo Zdarek) да болгону кабардалды.

Ири жардыруудан мейманкананын салтанаттуу кире беришинин жана ири банкет залынын шыбынын бир бөлүгү урап түштү. Өрт аймаган көп кабаттуу имараттан жабыр тарткандарды чыгарып, ооруканаларга шашылып ташып жатышты.

Адистердин айтымында, террорчулар бул учурду атайын тандап алышкан, анткени орозо кармагандар ооз ачуу үчүн конок үйүнүн ресторан залдарына котолоп келип жаткан, чет өлкөлүк туристтер жана коноктор да арбын эле.

Исламабаддык айрым тургундар Ройтер кабар агенттигинин кабарчысына бул соңку террордук чабуул тууралуу өз ойлору менен бөлүштү.

Алардын бири Мир Вали (Mir Wali):

- Бул жардырууну ким жүзөгө ашырса да, алар мусулман эмес. Эч бир мусулман башка бир мусулманга, канчалык ал ырайымсыз, зулум болгонуна карабастан, кол сала албайт.

Ал эми өзүн Ифтихар Хусейн Жафари (Iftikhar Hussain Jaffry) деп тааныштырган исламабаддык тургун өкмөт террорчуларды ооздукташы керек дейт:

- Өкмөт калкты коргоого алуусу зарыл. Бечара кишилер эле өлүп калып жатат. Өкмөт ушул жөнүндө кам көрүшү керек, алар бечара кишилердин камын жеши керек.

Бул жардыруу болоордон саал мурдараак эле өлкөнүн жаңы президенти Асиф Али Зардари парламентте алгачкы жолу мамлекет башчы катары чыгып сүйлөгөн болчу.

Мурдагы премьер-министр, террордук чабуулдан мерт кеткен маркум Беназир Бхуттонун күйөөсү Асиф Али Зардари мырза улутташтарын террорчулуктун тамырын кыркууга чакырган.

- Биз террорчулук менен экстремизмди, алар кайсы жайдан жана качан тири суук башын көтөрбөсүн, тамырынан кыркып жок кылууга тийишпиз. Уруулар байырлаган аймактарды реформалоо жана аларды жалпы улуттук жашоо мүнөзүнүн нугуна алып келүү эми эч создуруктурулбоого тийиш болгон милдет. Аларга карата мамиле эми Пакистандын калган бөлүгүндөгү боордоштору менен бирдей деңгээлде жүзөгө ашырылышы керек.


Жардыруудан көп узабай, президент Зардари сыналгы аркылуу элге кайрылып, террорчулук - өлкөнүн рак оорусуна айланганын, бирок бул сыяктуу чабуулдар террорчулукту түп-тамырынан бери жоюуга карата саясий эркти эч майтара албастыгын дагы бир жолу баса белгиледи.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким мойнуна ала элек, бирок аны талипчил козголоңчулар уюштурганы жоромол кылынууда.

Пакистандын ички иштер министрлигинин өкүлү Рахман Малик буга чейинки бардык террордук чабуулдар да Пакистандын Ооганстан менен чектеш аймактарындагы уруулардын арасында бекинген “ал-Кайида” уюмунун колдоочусу болгон талиптер тарабынан уюштурулуп келгенин айтты.

АКШнын чалгын кызматынын өкүлдөрүнүн билдиришинче, бул жардыруу “ал-Кайида” террорчул уюмунун жүзөгө ашырып келген башка террордук чабуулдарына окшоодо.

Ордо шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Шектүү делген унаалар тинтүүгө алынууда.

Дүйнө коомчулугу Пакистандагы жардырууну уюштургандарды айыптоодо.

Эл аралык коомчулук өкүлдөрү (анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Пан Ги Мун) жардыруу уюштургандарды терең айыптап чыкты.

АКШ президенти Жорж Буш террорчулукка каршы күрөштө Вашингтон Исламабадга ар тараптуу жардам көрсөтөөрүн билдирди.

Коңшу Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх (Manmohan Singh) өзүнүн пакистандык кесиптеши, өкмөт башчы Йусуф Реза Гиланиге (Yousuf Raza Gilani) жазган катында ишембидеги жардыруу террорчулуктун ойрондоткуч жүзүн айгинелегенин билдирип, өмүрүнөн ажырагандар үчүн терең көңүл айткан.

Кытай тышкы иштер министри Йаң Цзечи (Yang Jiechi) өз өлкөсү терроорчулуктун ар кандай түрүнө каршы экенин билдирди.

Иран тышкы иштер министрлиги, Ооганстан президенти жана Исламдык Конференция Уюму Исламабаддагы бул террордук иш-чараны терең айыпташты.

Соңку апталарда Пакистандын дүрбөлөңдүү чек ара аймагындагы исламчыл козголоңчуларга каршы аскердик чаралар күч алган соң, террорчул аракеттер да жанданды.

XS
SM
MD
LG