Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

ИЗРАИЛЬ ПРЕМЬЕРИ ЭХУД ОЛМЕРТ КЫЗМАТЫНАН КЕТИП ЖАТАТ


Эдил Сапарбек уулу, Прага Израиль премьери Эхуд Олмерт кызматтан кетип жаткандыгы тууралуу жекшембиде жарыя кылып, президент Шимон Переске кызматынан кетүү тууралуу арызын расмий түрдө жолдоду. Ал эми Израиль президенти бул туурасында парламенттин бардык фракцияларында сүйлөшүүлөрдү өткөрөөрүн билдирди. Эми Эхуд Олмерт жаңы министрлер кабинети түзүлмөйүнчө премьер-министрдин милдетин убактылуу аткарып кала бермекчи. Паракорчулукка белчесинен баткан деп айыпталып жаткан Олмерт өзүнө карата айтылган доолорду төгүнгө чыгарып, өзү аткарып келген иш туура нукта болгонун баса белгиледи.

Олмерт жекшембиде өкмөт жыйынында премьерлик кызматтан кете тургандыгын жарыя кылды:

-Жыйынды баштаар алдында Израилдин премьерлик кызматынан кетип жаткандыгымды билдирем. Бул мен үчүн чындап эле оор чечим болду жана албетте айрым кызыкчылыктарга жана жеке сезимдерге каршы келди. Мен туура кадам жасап жатам деп терең ишенем.

Эхуд Ольмерт кечээ президент Шимон Переске расмий түрдө кызматтан чегинүү тууралуу арызын тапшырды. Ал эми Израиль президенти парламенттин фракция жетекчилери менен бул тууралуу талкуулаган соң, фракциялардын биринин жетекчисине жаңы өкмөттү дайындоо тууралуу тапшырма берет. Бул тапшырма Ципи Ливни айымга берилээри күтүлүүдө.

Анткени 17-сентябрда “Кадима” партиясы Эхуд Олмерттин ордуна жаңы партия лидери кылып саясатчы айымды, тышкы иштер министри Ципи Ливнини шайлаган. Ольмерт да Ливни айымды колдоорун билдирген.

Белгилүү болгондой, жаңы коалициялык өкмөт түзүлмөйүнчө же жаңы парламенттик шайлоо өткөрүлмөйүнчө Эхуд Олмерт премьер-министрдин милдетин убактылуу аткарып кала бермекчи.

Паракорчулукка белчесинен баткан деп айыпталып жаткан Олмерт өзүнө карата айтылган доолорду төгүнгө чыгарып, өзү аткарып келген иш туура нукта болгонун далилдей алаарын баса белгилеп келет.

Ципи Ливни айым алты апта ичинде коалициялык өкмөт кураганга жетиши керек.

Эгерде бул мөөнөттө Ципни Ливни жаңы коалициялык өкмөт курай албаса, анда Израилде жаңы парламенттик шайлоо өткөрүлөт жана болочокку шайлоодо «Кадима» партиясы негизги атаандашы – оңчул «Ликуд» партиясына утулуп калышы да ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG