Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Эртең 23-сентябрда мамлекеттик тил күнү белгиленет. Ага арналган расмий салтанат 26-сентябрда Бишкек Гуманитардык Университетинде белгиленет деп билдирди Мамлекеттик тил боюнча улуттук комисиянын бөлүм башчысы Түгөлбай Мамбетжунушов. Ага илимий интеллегенция өкүлдөрү чогулуп, тилди өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

22-сентябрдан тарта 25-сентябрга чейин Бээжинде Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият жана маалымат министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Ошондой эле аталган маалыматтын билдиргенине караганда, Кыргызстан Кытайдын Чжэнчжоу шаарында өтө турган 10-Азиялык көркөм өнөр фестивалына катышат. Анда көрсөтүлчү программаны А.Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрынын артистери, “Ак Марал” бий ансамбли, Ош облустук филармониясынын Болуш Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестри жана “Ысык-Ата Арашан” элдик-фольклордук ансамбли даярдашкан.

25-26-сентябрь күндөрү Кожомкул атындагы спорт ордосунда куудул Абдылда Иманкуловдун “Кадыр түнгө карата, кадырлуу күн, кадыр түн” деген аталыштагы күлкү кечеси өтөт. Ага кыргыздын белгилүү ырчы-куудулдары катышат деп кабарлады кечени күнөөкөрү Абдылда Иманкулов.

Борбордогу “Манас” кинотеатрында Жаныш Кулмамбетовдун чыгармасынын негизинде тартылган “Кандуу сүйүү” көркөм тасмасы сунушталууда. Бул фильм жаштардын турмушунан алынган. Кулмамбетовдун айтуусунда, алгач “Каргыш тийсин сага, Жаңыл мырза” деген ат менен сахналаштырылган.

“Кыргыз-артекс” борборунда сүрөтчү Павла Ван-Ю-Цайдын жеке көргөзмөсү өтүүдө. Анда сүрөтчүнүн 15 жыл аралыгында тарткан 70 эмгеги коюлган.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде Талгат Асранкулов, Улан Жапаров, Шайлоо Жекшенбаев, Талант Огобаев, Валерий Руппель, Адис Сейталиев жана башка бир катар сүрөтчүлөрдүн эмгектеринен турган көргөзмө өтүүдө. Анда заманбап көркөм өнөрдүн баардык жанрларында иштелген эмгектер коюлган.
XS
SM
MD
LG