Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:47

МАГАТЭ: ТЕГЕРАН ДАЛЕ ТЕТИРЛЕНҮҮДӨ, ПХЕНЬЯН ТЭЭЖИКТЕНЕ БАШТАДЫ


Иран өзүнүн өткөндөгү аскери ядролук долбоорлоруна байланыштуу талап кылынган суроолорго толук жооп бербей, дале тетирленүүдө. Ал эми Түндүк Корея Йонбондогу атомдук реакторун кайра иштеткени жатат. Бул тууралуу Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭнин) башкы директору Мохамед ал-Барадей Башкаруучулар кеңешинин Венада ачылган сессиясында билдирди.

МАГАТЭдеги “үчүнчү өлкөлөр” тобу Иран учурунда ядролук куралга керектүү материалдарды пайдаланган жана бу жагынан илимий изилдөөлөрдү өткөргөн деп эсептеп, муну ырастаган чалгындоо мекемелеринин документтерин агенттикке өткөрүп беришкен эле.

Уюмдун башкы директору Мохмамед ал-Барадей дүйшөмбү күнү ачылган сессияда бул иштин анык-төгүнүн териштирүү жагынан байкаларлык жылыштар болбогонун, Ирандын ядролук программасындагы аскери өңүттөр олуттуу камтама кылган маселе бойдон калганын өкүнүү менен белгиледи. Буга көп жагынан Тегеран бут тосуп жатат. Атап айтканда, Иран өкмөтү “үчүнчү өлкөлөр” МАГАТЭге берген документтер же алардын көчүрмөлөрү менен тааныштырууну талап кылууда.

Ушундан улам ал-Барадей Башкаруу кеңешинин мүчөлөрүнө айрым документтерди Иран бийликтерине берүүнү сунуш кылды. Ошону менен бирге ал Коопсуздук Кеңешинин чечимине карабастан Иран уран байытуу ишин улантып жатканын айтып, МАГАТЭни шектенткен бардык суроолорго ачык-айкын жооп бермейинче агенттик Тегерандын жашыруун аскери атомдук долбоорлору жоктугуна да кепилдик бере албай турганын эскертти.

Баш директор сессияда Түндүк Кореянын бийликтери Йонбондогу атомдук ишканадан МАГАТЭнин мөөр басылып бекитилген кулпуларын жана көзөмөлдөөчү аппаратураларын алууну суранганын да маалымдады.

Реактор былтыр жетишилген келишимге ылайык токтотулуп, ишкана жабылып, МАГАТЭнин көзөмөлүнө берилген. Буга жооп кылып АКШ Түндүк Кореяны терроризмди колдогон өлкөлөрдүн тизмесинен алып салганга сөз берген. Пхеньян Вашингтон берген убадасын аткарган жок деп эсептейт. Ошол себептен Йонбондогу атомдук реакторду толук кубатта кайра иштетүүнү чечкенин өткөн аптада айткан эле.

Пхеньяндын бул чечимине кабатырланган президент Жорж Буш дүйшөмбү күнү Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао менен байланышып, жагдайды талкуулады. Ак үйдүн өкүлү Гордон Жондро алты тараптуу сүйлөшүүлөр рамкасында кызматташууну улантууга Пхеньянды көндүрүү үчүн Вашингтон дипломатиялык күч-аракеттерди жасай турганын ырастады, бирок Түндүк Корея качан “кара тизмеден” алынарын түк кеп кылбады.

Ядролук куралдар боюнча мурдагы инспектор Дэвид Олбрайт президент Буштун администрациясында Түндүк Кореяны тизмеден чыгарганга жетерлик жүйөөлөр жок деген пикирин билдирип, МАГАТЭге Пхеньян менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуш кылды. Олбрайт азырынча мындан жакшы жолду көрбөйт.

Мындай сүйлөшүүлөр боло турганын ал-Барадей да ырастап, Түндүк Кореянын ядролук куралдарды таркатпоо келишимине ыкчам кайтып келиши үчүн зарыл шарттар түзүлөрүнө үмүт билдирди.

Мындан тышкары ал-Барадей инспекторлор быйыл жайда Сириянын Ал-Кибардагы ишканасында болуп, ал жерден ядролук материалдын эч кандай изин табышпаганын, ошентсе да иш улантылып жатканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG