Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:26

А.ДАРБЫШЕВ: КАМБАР-АТА-2 ГЭСИНИН 1-АГРЕГАТЫ 2009-ЖЫЛДЫН АЯГЫНДА ИШКЕ КИРЕТ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу жанданганы өлкөдөгү чеберчилиги жогору адистердин тартыштыгы, каражаттын жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөр ишке бөгөт болууда. Өлкөдөгү энегетикалык кризис Кыргызстанды бул курулушту мүмкүн болушунча тез бүтүрүп, элди кошумча электр кубаттуулугу менен камсыз кылуусуна мажбурлоодо. Курулушту ишке ашырып жаткан “Нарынсуукурулуш” акционердик уюмунун жетекчисинин орун басары Адыл Дарбышев аткарылыр жаткан иштер тууралуу “Азаттыкка” маек куруп берди.

-Адыл мырза, курулуштун жүрүшү кайсы деңгээлге келип калды?

А.Дарбышев: -ГЭСтин курулушу жүрүп жатат, 1-агрегатты 2009-жылы 22-декабрга бүтүрүүнү болжолдоп турабыз. Азыркы убакта күнүнө 2 миң киши курулушка тартылууда. Бул ГЭСтин өзгөчөлүгү –оң жактагы тоону 15 секунддун ичинде жардырып, Нарын суусун бөгөш керек. Бирок бизде да баары “беш” эмес, кемчиликтер да бар. Жогорку квалификациядагы, жогорку разряддагы жумушчулар жетишсиз болууда. Алардын арасынан көпчүлүгү Орусияга кетип жаткандары да бар.

-Демек, ГЭС курулушунда иштеген адистер айлык акынын аздыгынан кайра кетип жатышат деген маалыматтардын чындыгы бар турбайбы?

А.Дарбышев: -Адистердин кетип жаткандыгына биринчи себеп – алар Орусияда көп жылдардан бер иштеп, көнүп калышыптыр. Ошондой эле эмгек акылары аздык кылып, жетишпей аткан себептери деле бар. Орто эсеп менен алганда азыр 3-разряддагы жумушчу 6 миң сом, 4-разраяддагы 8 миң, 6-разряддагылар 12 миң сомго чейин айлык акы алып атышат. Жумуш вахталык ыкма менен 7 күндөн 11 сааттан иштеп, айына 15 күн эс алышат.

Мындан тышкары бизге тажрыйбалуу инженер-техниктер да керек. Себеби, ГЭС куруу абдан жоопкерчиликтүү, ошондуктан ага көп жыл иштеген, тажрыйбасы мол жумушчулар зарыл. Ошондой эле техникалардын жетишсиздиги бар. Автобустарга, жүк ташуучу унааларга зарылбыз, анткени бизге келүүчү курулуш материалдарынын баары автомобиль менен гана ташылат. Кемчиликсиз болбойт экен, мына ушундай кемчиликтер бар.

-Өткөн жумада ГЭСтин курулушуна жардам катары Ош облусундагы жеке ишканалар курулуш материалдарын жиберишти. Курулушта каржы жагынан жетишсиздик болуп жаткан жокпу?

А.Дарбышев: -Өткөн жумада Оштон, Аравандын жаңы ачылган заводдон 100 тонна цемент келди. Цемент деген суу курулушчулардын наны да. Цемент болбосо бетон болбойт, бетон болбосо ГЭС курулбайт. Ошондуктан, биз да кубанып, ошол Оштон келген жардамга ыраазычылыгыбызды билдирдик. Ошондой эле 60 миң даана кыш, андан тышкары 100 тонна көмүр келди. Бирок албетте, чоң ГЭСтин курулушу үчүн бул аз, ошентсе да ыраазыбыз.

Жакында Кытайдан бетон ташыган автоунаалар келет. Биз ГЭСтин 1-агрегатын мөөнөтүнө бүткөрүп беребиз деп ишенебиз. 2009-жылы ноябрь айынын аягында, декабрь айынын башында биз тоо жардырууну жүргүзөбүз. Ал үчүн керектүү каражаттарды, жардыргыч затты алып, даярдап койгонбуз, азыр складдарда турат. Жардыргыч зат тоннель аркылуу тоонун ичине алып кирилет. Анан ошолорду жайгаштырып, жардыруунун ыкмалары менен ишке ашырабыз.

-Адыл мырза, сизге чоң рахмат!

XS
SM
MD
LG