Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:26

14:30 Өкмөт жумушсуздукту азайтуу жана жерге байланыштуу маселелерди талкуулады


Өкмөттүн бүгүнкү жыйынында чыгып сүйлөгөн Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулованын маалыматына караганда учурда Кыргызстанда эки миллиондой киши иш менен камсыз болгон жана алардын алтымыш беш пайызы элет тургундары эсептелет. Бирок өлкөдө жумушсуздук маселеси курч турат жана маселени чечүү үчүн мыйзамдык жана социалдык колдоолор керек. Жыйынга катышкан “Азаттыктын” кабарчысы Бекташ Шамшиевдин билдиришинче анда жер маселелси да көтөрүлүп, быйыл өлкөдө сексен төрт миңден ашык гектар жер айдалбай калганы маалымдалды. Айыл-чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фонду тууралуу сөз болуп, айрым айыл өкмөттөрдө Жер тууралуу кодекс боюнча маалыматы жок экени, ушундан улам жер чектери аныкталбай, эсепке кирбей калган жерлер такталбай жатканы баса белгиленди. Өзгөчө Чүй менен Бишкекте айрым аткаминерлер жерди иштетип, бирок ижара акысын төлөбөй жаткандыгы жана буга карата тезинен чара көрүү сунушталды. (EBM)

XS
SM
MD
LG