Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:44

25-СЕНТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1875-жылдын 25-сентябрында генерал Кауфман Кокон ханы Насреддинге жардам көрсөтүп, Пулатханды кармап берүүсүн өтүнүп хандык элине кайрылган. 1916-жылдын 25-сентябрында кыргыздар үчүн жайгашууга тыю салынган райондор так көрсөтүлүп, аныкталган картаны жиберүү туурасында көррсөтмө берилген.

Россия империясы менен Кытай мамлекетинин ортосунда чегара маселесин тактаган Чугучак келишимине 1864-жылдын 25-сентябрында кол коюлган. Келишимге ылайык, кыргыз-кытай чеги аныкталып, тоо кыркасы жана суулар аркылуу бөлүнгөн жана эки тарап тарабынан такталган чегара картасы алмашылган.

Кыргыздар менен кыпчактардын 1875-жылкы Кокон хандыгына каршы көтөрүлүшү сентябрь айында жаңы чекке көтөрүлгөн. Кадамжайдан чыккан Пулат кыргыздар менен кыпчактардын козголушун жетектеп, ал айланасына хандыкка нааразы болгон калк катмарын топтой алган. Насреддин хандын бийлигин тааныбаган кыргыздар Анжыяндын кашындагы Пута кара жергесине чогулуп, Пулатты ак кийизги салып хан көтөрүшкөн. Генерал Кауфман 1875-жылдын 25-сентябрында Насреддинге жардам көрсөтүп, Пулатханды кармап берүүсүн өтүнүп хандык элине кайрылган.

Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшүнөн кийин, Түркстан генерал-губернатордугу айрым райондордо кыргыздардын жайгашуусуна тыю салган көрсөтмө кабыл алган. Көрсөтмөгө ылайык, пишпектик жана пржевальскилик козголоңчулар үчүн Текес, Ысык-Көл, Столыпин районунда жана Александровск кырка тоосуна кайтып келүүгө чек коюлган. Муну менен бирге, аларга Нарын шаарынын сыртынан орун алууга үмүттөндүрүү керектиги белгиленген. 1916-жылдын 25-сентябрында кыргыздар үчүн жайгашууга тыю салынган райондорду так көрсөтүп, аныкталган картаны жиберүү туурасында көрсөтмө берилген.

Илим коомчулугу 1932-жылдын бул көндөрү Соң-Көлдүн тагдырына чындап бушайман болушту. Айрым борбордук ирригаторлор Соң-Көлдүн суусун Чүй өрөөнүнө буруп, сугат ишине пайдаланууну сунуш кылышса, кээ бирлери аны Жумгал аймагынын айыл чарбасын көтөрүш үчүн колдонууну жактап чыгышкан. Долбоорду жүзөгө ашырууга арбын каражат талап кылынгандыктан, жосунсуз долбоор кагаз бетинен жогору көтөрүлө алган эмес.

Миңдеген кыргызстандык жумушчулар, дыйкандар жана кызматчылар 1942-жылдын бул күнү Чоң Чүй каналынын курулушуна «жигердүү эмгегин» арнашкан. Фрунзе шаардык ВКП (б) комитетинин чечимине ылайык, Чүй каналынын курулушу стратегиялык мамлекеттик кызыкчылык деңгээлине көтөрүлгөндүктөн, бардык аң сезимдүү адамдардын эки жумалык адал эмгегин каналды казууга арнашы талап кылынган.

Бул күнү, 1493-жылы Христофер Колумб Американы карай экинчи сапарга чыгып, 1818-жылы Англияда биринчи жолу адамга кан куюлуп, 1935-жылы СССРде нандын баасы арзандап, 1644-жылы даниялык астроном, биринчи жолу жарык ылдамдыгын эсептеген Оле Ремер, 1765-жылы польяк композитору Михаил Огинский, 1866-жылы америкалык биолог, генетика илиминин негиз салуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Томас Морган, 1920-жылы советтик кинорежиссер Сергей Бондарчук жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG