Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:15

ЧЕЧЕН КЛАНДАРЫНЫН СОГУШУ МОСКВАГА ЖЕТТИ


Мамлекеттик думанын мурдагы депутаты Руслан Ямадаевдин өлүмүн териштирүү иши Башкы прокуратурага караштуу тергөө комитетине табышталды. Экс-депутатты шаршемби күнү Москвада өз машинасында атып кетишти. Анын жанында олтурган генерал Сергей Кизюн оор жарадар болуп,ооруканада жатат. Ямадаев,анын эки иниси чечен президенти Рамзан Кадыров менен касташып жүргөн эле.

Башкы прокуратуранын тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркин ырастагандай, шаршемби күнү болжол менен бешим ченде Ямадаев ок өтпөс машинада баратып, жол кесилишинде кызыл жарыкка токтой калган экен, ошол учурда ага бир адам басып келип, жабылта ок чыгарган. Ямадаевге он ок тийип,ошо жерде мүрт кеткен. Анын жанында отурган генерал Кизюн оор жарадар болуп, ооруканада операция жасалды.

Генерал Кизюн учурунда Чеченстандын аскер коменданты, Руслан Ямадаев анын орунбасары болгон. Ал эми 90-жылдардын башталышында Руслан иниси Сулим экөө Жохар Дудаевде кызмат кылышкан, биринчи согуш учурунда бригадалык генерал наамын алышкан. Кийин “радикалдар”, айрыкча Шамил Басаев менен басташа кетишип, федералдык күчтөргө өтүшкөн жана сепаратисттерге каршы уруштарга катышкан.

Ушул себептен улам Ямадаевдер федералдык бийликтерден жогорку кызматтарга үмүт кылышкан. Бирок Москва аларга эмес, Кадыровдорго ишеним арткан соң эки клан катуу касташып калды. Айрыкча Рамзан Кадыров соңку эки жылда ФСБга, коргоо жана ички иштер министрлигине караган атайын отряддарды, алардын ичинде Сулим Ямадаев командалык кылган “Восток” батальонун талкалап, таркатты. Сулим өзү “чечен элинин душманы жана кылмышкер” аталып, федералдык издөөгө алынды. Айтымда, ал Москвада жашайт.
Шаршемби күнү да Ямадаев инисинин ок өтпөс машинасын айдап бараткан экен, ошондон улам кылмышкерлер Сулимдин ордуна агасын атып алышкан деген божомол айтылууда.

Ар түрдүү жоромол-додомолдор арасында кантсе да экс-депутаттын өлүмүн Кадыровдон көргөн күпүр сөздөр күч. Мурунку Думада Ямадаев менен бирге иштеген Владимир Рыжков, мисалы, Москвада жакында эле Кадыровдун дагы бир оппоненти тындым кылынганын эске салып, Чеченстанда бийлик талашкан куралдуу кармаш эми сыртка чыгып, федералдык борборго чейин жетти деп билдирди. Өлкөнүн борборунда, өкмөт үйүнөн эки кадам жерде Думанын мурдагы депутатын, Чеченстандагы белгилүү саясатчылардын бирин атып кетишкенин Рыжков федералдык бийликтерге ачыктан-ачык кыр көрсөткөн кадам катары баалады.

“Коммерсант” гезитинин кабарчысы Ольга Аленова Ямадаевди жакшы билгендердин бири. ”Кадыровдун кастарын башка бирөөлөр ар кайсы жүйөөдөн улам өлтүрүп кетип жатышат деп айтыш өтө кыйын,-дейт ал. – Экинчи жактан Ямадаевдин өлүмү эмнеге алып келерин Кадыров жакшы билет, эми ал тынч уктай албайт болуу керек. Неге дегенде Сулим Ямадаев агасынын өчүн алууну чечсе, бул Чеченстандагы эки чоң кландын сөөк өчтү согушуна айланат”.

Рамзан Кадыров болсо Ямадаевдин өлүмүн ага жабыштырып жаткандардын баары өз сөздөрү үчүн жооп берерин эскертти. “Кадыров киши атар эмес, Кадыров – чечен жеринде үй-жай тургузуп, кайра куруп жатат, калкка кызмат өтөп жатат, башка сөздөрдүн баары былжыраган кеп”, - деп айтты ал. Ямадаевди өлтүргөн кылмышкерлерди ал өз кезинде Сулим Ямадаев кимдерди уурдап кетип, кимдердин көзүн тазаласа,ошолордун кунун куугандардын арасынан издөөгө кеңеш берди.

XS
SM
MD
LG