Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:53

17:50 Жалал-Абаттагы байкоочулар шайлоого карата бир катар кемчиликтерди аныктады


«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын облустагы узак мөөнөттүү байкоочулары участкалык шайлоо комиссиялары шайлоо кодексине дал келбей түзүлгөнүн каттады. Комиссиялардын курамына бир мектептен 4-5 мугалим жана кызмат адамдары кошулган. Депутаттыкка талапкерлердин укуктары чектелген. Алар шайлоо корун ача алышпай, натыйжада үгүт баракчаларын чыгаралган эмес жана шайлоочулар менен жолугушуулары уюштурулбаган. Мындай маалымат Коалициянын облустагы координатору Чолпон Эргешовадан алынды. Ал эмки аптада кыска мөөнөтүү 30 байкоочу даярдаларын билдирди. Алар 5-октябрда Жалал-Абат жана Кочкор-Ата шаарлары менен Базаркоргон районунда шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөшөт. (YA)

XS
SM
MD
LG