Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:31

БЕТМЕ-БЕТ: ШАЙЛОО ГО ӨТӨТ, БИЙЛИК КРИЗИСИН КАНТЕБИЗ?


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Клара Кабилованын кызматын таштап Кыргызстандан кетишин айрым байкоочулар өлкөдөгү бийлик системасынын кризиси катары сыпатташууда. Айрымдар бул окуяны үй-бүлөлүк башкаруунун кедеринен кете башташына байланыштырышууда. “Азаттыктын” “Бетме-бет” талкуусунда бул жолу Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын кызматтан кетишине байланышкан саясий жагдай тууралуу кеп болду. Ага парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын өкүлү Роза Отунбаева, “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев, саясат таануучу Марат Казакбаевдер катышты.

- Роза айым, ушул окуянын артында эмне турат. Бул бийлик кризисиби же бийлик башчыларынын ичара келишпестигиби?

Роза Отунбаева: - Азыр биз саясий кризисти баштан кечирип жатабыз. Анын бир көрүнүшү бийлик ичиндеги топтордун ичара күрөшү.

Менин билишим боюнча, Клара Кабилова бул К.Бакиевдин инилеринин койгон кишиси.

Президентке кадрлар кандай көрсөтүлөт? Уулу, инилери, анан да президенттин жакын достору көрсөтүп турушат.

Мына К.Кабилова ошентип жумушка келди эле. М.Садыркулов анын кандидатурасына караманча каршы болчу. Мына эми бир жагынан инилери, экинчи жагынан уулу менен М.Садыркуловдун ортосунда бетме-бет күрөш жүрүп жатыр.

- Эмил мырза, кандай болгон күндө да бул билдирүүнүн артында аял кишинин арнамысы, кадыр-баркы турат. Билдирүүдө аял кишинин президенттин уулу М.Бакиевден каккы жеп, кордолгондугу тууралуу айтылат. Бул Кыргызстан үчүн жаңылык деле болбош керек. Бирок ошентсе да К.Кабилованын кадамын сиз кандай деп ойлойсуз?

Эмилбек Каптагаев: - Кыргызстанда мамлекеттик түзүлүш жок экени, ал жөн гана формалдуy система экени, башкаруу иши Конституциядан, мыйзамдардан сырт механизмдер аркылуу жүргүзүлүп жатканын айтып эле келатабыз. Муну - ким кайсы чөйрөнү башкарып жатканын элдин баары билет.

К.Кабилованын билдирүүсү дүйнө алдындагы чоң саясий чатак. Ал дүйнө алдында Кыргызстандын жүзүн аччу, бетин ашкерелеп турчу чатак. Бийлик системасында эң жогорку тепкичте олтурган адам анын ички механизмдерин ачып, анын кандайлыгын далилдеп отурат.

- Марат мырза, К.Кабилованын кызматын таштап кетишинин себеп-жөнү сиздин оюңузча кандай?

Марат Казакбаев: - Бул чоң чатак. Аны К.Кабилованын арызынан деле көрдүңүздөр го. Максим Бакиев иштетпей, кысым көрсөтүп жатат деп жатпайбы.

Бул жерде эки сценарий болушу мүмкүн. Биринчиси муну кайсы бир саясий күчтөр атайылап жасашы мүмкүн. Экинчиси алдагыдай чатак чынында эле болгон.

Максим Бакиев тууралуу миш-миштер көп эле айтылат. Ал өзү да билдирүү менен чыгышы керек. Үчүнчүдөн, бул иш кылдат иликтениши, депутаттык комиссия, өкмөттүк комиссия, коомдук комиссия – булар өз жыйынтыгын айтышы керек.

Бул чатактын чыгышы кайсы топтун кызыкчылыгына туyра келет. К.Кабилова бийликтин ишин жасап жаткан. Анын анчалык деле чоң кадыр-баркы жок болчу.

Бирок да бул иш кайсы сценарий менен кайсы топтун кызыкчылыгына жасалганын тактап чыгыш абзел. Ишенбай Кадырбековдун иши бул жерде айтылып жатат. Иши кылып бул иш жакшылап иликтениши керек.

- Роза айым, сиз кошумчалайын дейсизби?

Роза Отунбаева: - К.Кабилованын кызматтан кетиши бул Кыргызстан үчүн өзгөчө мүнөздүү көрүнүш. Бул Кыргызстандын эларалык жүзүн кетире турган оркойгон осол окуя болуп жатат. Анткени жогорку мамлекеттик кызматта иштеп жаткан адамды президенттин уулу, үй-бүлөнүн мүчөсү аны сөгүп-кагып, “мындай кыласың, мындай кылбайсың, бизге каршы эч нерсе жасай албайсың” деп тескеген сөз, антпесең “өмүрүңөн ажырайсың” деген сөз бизди өкүмзор өлкөлөрдөн айырмабыз жок экенин белгилейт.

К.Кабилованын, мындай деңгээлдеги жетекчинин, өлкөдөн качып кетиши өкүмзор мамлекеттерде, мисалы, Түндүк Кореядагыдай сыяктуу өлкөлөрдө эле болот. Мына К.Кабилованын качып кеткени белгилүү болгондон кийин президент 2-3 саатта эле аны кызматтан ыргытып салып жатпайбы.

Менин оюмда, эгер ал жерде эркек киши олтурса булардын, бийликтегилердин, бир ай мээси айланмак. Аял кишинин Кыргызстанда баркы жок. Кантип алып келди, ошентип эле ыргытып салды.

- Президенттик бийлик тууралуу мурда А.Акаевдин үй-бүлөсүнө байланыштуу гана кеп болчу. Эми ал К.Бакиевге карата да айтылып жатат. Эмилбек мырза, мунун жалаң эле президенттик бийликке гана байлагышы барбы же башка да себептери барбы?

Эмил Каптагаев: - К.Кабилова тууралуу айтканда бул аялга тан беришибиз керек. Ал өзүнүн адамдык намысын, ички касиетин жоготпогондугун көрсөттү.

Роза Исаковна туура айтты. Ал жерде биздин эркектер отурса чыдамак. Чыдаган эркектин баары эле чоң болуп олтурат. Министр болуп олтурушат. Башка болуп отурушат. Мына чыдабай бир аял каршы чыкты. Анын эрдигине суктанып, тан беришибиз керек. Көзүнө ачык айтканына ыраазы болушубуз керек.

Ал эми бийлик тууралуу айта турган болсок, бул өзү түптөнүп калган система. Бул системанын негизин биздеги соттордун, күч кызматтарынын бир үй-бүлөнүн көзүн карап, ошого ыңгайлашып алгандыгында турат. Жөнөкөй милициядан - генералга, жөнөкөй соттон - Жогорку сотко чейин өзүнүн милдети катары К.Бакиевдин бийлигин сактоону гана түшүнүп турушат.

Мына ушунун натыйжасында бизде мамлекеттик түзүлүш те орто кылымдагы зөөкүр, зомбулук мамлекети тибине өтүп баратат.

- Роза айым, сиздин пикириңиз кандай?

Роза Отунбаева: - К.Кабилова жөн эле чыгып кеткен жок. Мына жакында бийликтин жакын колдоочусу, “Акжол” партиясынын тизмесинин башында турган адам – Адахан Мадумаров деле кетпедиби.

Менимче, мындай кетүүлөр аз эмес, болуп жатат. Дагы боло берет.

- Эмил мырза.

Эмил Каптагаев: - Бул бийликтен элдин көңүлү мурда эле калып калган. Аны сыйлаган адам жок дээрлик. Иш бул жерде мезгилге эле байланып калды. Өз элин жакырчылыктан алып чыга албаган, аны ойлобогон бийликтин келечеги жок.

Мына кечээ айлыгын алалбай келаткан мугалимдерди милиция сүйрөп жүрөт. 3 – 5 жыл акчасын алалбаган мугалимдер жалдырап Бишкекке 1 миң, 2 миң сом үчүн келишип турушат.

- Марат мырза, К.Кабилованын өзү колдоп келаткан бийликке каршы чыгышын сиз кандай деп баалайт элеңиз?

Марат Казакбаев: - Талаштар көп эле боло берет. Менин оюмча, К.Кабиловага деле көп эле кысымдар болгон. Парламенттик шайлоодо деле ушундай эле чатактар чыккан. Арызын окусаңар, жөн кетпегени билинип турат.

Бирок да көп эле кызуу кандуулук бар. Окуяны өзү так эле айтып бербедиби. Муну иликтеш керек. К.Кабилова жөн эле кетпейт да. Аны иликтөө гана көрсөтмөкчү.

- Эмил мырза, сиздердин “Акыйкат үчүн” кыймылы менен Коомдук парламент өзүчө комиссия түзбөдүбү…

Эмил Каптагаев: - Ушул жерде Марат мырзанын айткан сөзүнө карата бир ой айта кетейин. Аял кишиге канча акча берип, канчалык саясий үгүттү айтсаң да, өзүнүн балдарын, өзүнүн жакындарын кырсыкка, коркунучка кептелтпейт.

Мына ушул бир саясий кызыкчылык үчүн Максим Бакиевдин атын атап өзүнүн балдары менен жакындарын коркунучка каптaлтчу аялды бул дүйнөдөн таппайсыңар. Аял кандай күндө болсо да өзүнүн балдарын коргойт. Ошон үчүн сөздү чаргытып, “бирөөлөр даярдаган” деген сөздү бул жерде айтпаш керек.

Мына кечээ биз Коомдук парламент, “Акыйкат үчүн” кыймылы менен кеп-кеңештер жүргүздүк. Пресс-конференция өткөрдүк. Аны маалымат каражаттары берген жок.

Бул жерде эң чоң саясий тыянактар чыгышы керек. Элге ачык айтылыш керек.

“Мындай саясий түзүлүш менен мындан ары жашоого болбойт. Мындай үй-бүлөлүк башкаруy менен кыргыз элинин келечеги жок “ деп ачык айтышыбыз керек.

Бул жерде сөзсүз кылмыш иши козголушу керек. Ага коомчулук катышып, угуп турушу керек. Ал жерде ар кандай сөз болушу мүмкүн.

Мына бүгүн К.Кабилованын үй-бүлөсүнүн, майып ата-энесинин эле өмүрүнө коркунуч туyлбастан, ушул сөздү, мамлекеттик түзүлүш туура эмес деп айтып чыккан ар бир саясатчынын өмүрү өмүрү кылда байланып турат. “Кайсы жерден качан чаап кетет” деген сөз турат. Анткени мамлекет бүгүн жарандардын бирөөнүн да коопсуздугун коргой албайт.

- К.Кабилованын маселеси И.Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн чыкты го. Марат мырза, сиздин пикириңиз.

Марат Казакбаев: - И.Кадырбековго байланыштуубу же жокпу, аны айтыш кыйын. И.Кадырбековдун шайлоого катышууга укугу бар. Ага каршы кылмыш ишин козгосо деле талапкерлигин коюуга укугу бар.

Шайлоо баары бир өтөт. Бирок анда бийлик өзүнүн ресурсун сөзсүз пайдаланат. Анда оппозиция сөзсүз утулат. Шайлоонун болбой калышы оппозицияга эле пайда.

Менин оюмча, бул ишти саясий топтор уюштурду. Жыйынтыгында бул иш тергелиш керек. Максим Бакиев да чыгышы керек. Чын эле ошондой болдубу-жокпу – айтышы керек. Иликтөө керек.

- Эмил мырза, И.Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу БШК чечимин сиз кандай деп баалайсыз?

Эмил Каптагаев: - Шайлоого катышуу саясий чечим, саясий иш. Ошон үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы И.Кадырбеков жөнүндө туyра чечим кабыл алган.

И.Кадырбеков көчөдө жүрүп качып кетпейт, кылмыш иши жоголуп кетпейт. Буга чейин чогулткан документтер жоголуп кетпейт. И.Кадырбеков качып кетпейт.

Бул жерде саясат. Ошон үчүн саясатка байланышкан маселенин чыйкан жарылгандай жарылып чыгышы бул өзү мыйзамченемдүү нерсе.

К.Кабиловабы? Мына А.Мадумаровду алалы. Аны деле ыргытып ташташпадыбы. Ал деле унчукпай отурат. Бул анын намысынын жоктугун гана көрсөтөт.

- Сөздүн ачыгы бул жерде бийликтин эмес, анын жанындагы кишинин кысымы болуп жатпайбы? Муну кандай түшүндүрсөк болот?

Эмил Каптагаев: - Мен жана сөз башында да айттым. Бизде бийлик, бийлик жанындагы деген түшүнүк жок.

Бизде бир эле бийлик бар – ал бир үй-бүлөнүн бийлиги. Ал үй-бүлө мамлекеттик системаны толук көз каранды кылып алган. Атургай мамлекеттик системадан сырткары турган кылмыштуy топторду да өзүнө көз каранды кылып алган.

Ошол бийликке көз каранды болбой, К.Кабилова эркек жасабаган эрдикти жасап олтурат. Эгер анын үй-бүлөсүнүн ичинен бирөөнүн эле башынан чач түшсө наалаты К.Бакиевдин үй-бүлөсүнө калат деп ачык эле айтыш керек.

- Эми соңку суроо. Бул кризистен чыгуунун жолу кандай. Марат мырза сиздин пикириңиз.

Марат Казакбаев: - Ооба, К.Кабилова кетип калды. Бирок БШК мүчөлөрү К.Кабилова күнөөлүү болчу деп айтып жатышат.

Чынын айтканда, ал кысымдан кеттиби-жокпу, баары бир шайлоо өтөт.

- Эмил мырза, мына ушул кризистен бийлик сабак алып, жыйынтык чыгарат деп ойлойсузбу?

Эмил Каптагаев: - Андай сабак, жыйынтык алганга бүгүнкү бийликтин дарманы, аракети, ою да жок.

Булар бүгүн кантип чатакты басабыз, кантип К.Кабилованы жаманатты кылабыз, кантип ушу бүтүндөй бийликке каяша айткандарды жаманатты кылабыз дегенден башканы ойлобойт.

- Эмесе сөзүбүздү жыйынтыктасак. Ушуну менен талкууну аяктайбыз, сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалайм!

XS
SM
MD
LG