Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

29-СЕНТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1875-жылдын 29-сентябрында генерал Кауфман Пулатханды колго түшүрсөм, аны генерал-губернатордуктун атынан даргага асамын, деп убада берген. 1978-жылдын бул күнү кыргыз эл жазуучусу, республикалык кинометаграфисттер союзунун төрагасы Чыңгыз Айтматов Ленин ордени жана «Орок жана Балка» алтын медалы менен сыйланган.

Кыргыздар менен кыпчактардын Кокон хандыгына каршы көтөрүлүшү 1875-жылдын сентябрь айында жогорку өнүгүү чегине жеткен. Кадамжайдан чыккан Пулатхан кыргыздар менен кыпчактардын көтөрүлүшүн жетектеп, ал айланасына хандыкка нааразы болгон калк катмарын топтой алган. Көтөрүлүш жалпы жонунан хандыкка каршы багытталып, эркиндикке умтулуу мүнөзүнө карабастан, ал аймакта үстөмдүк орнотууну эңсеген Россия империясы үчүн да олуттуу коркунуч жараткан. 1875-жылдын 29-сентябрында генерал Кауфман генерал-майор Троцкийге жазган катында-«эгер, Пулатханды колго түшүрсөм, аны генерал-губернатордуктун атынан даргага асамын»,- деп убада берген.

1930-жылдын бул күндөрү археологдор Таластан табылган нумизматикалык эстеликтердин баалулугун аныктоо үстүндө иштешкен. Талас кантонунан Фрунзеге алып келинген 660 күмүш акча XIV кылымга таандык экендиги аныкталып, мындай үлгүдөгү нумизматикалык материал Эрмитаж, ал түгүл Британия музейлеринде жок экендиги белгилүү болгон.

1954-жылдын бул күнү индия киносунун Кыргызстандагы өткөн бир жумалык фестивалы соңуна чыккан. Борбордун «Алатоо», «Ударник» жана маданият министрлигинин кинотеатрларында индиялык маданият чеберлеринин чыгармалары көрсөтүлүп, «Селсаяк» сыяктуу тасмалар көрүүчүлөрдүн купулуна толгон.

1978-жылдын бул күнү кыргыз эл жазуучусу, республикалык кинометаграфисттер союзунун төрагасы Чыңгыз Айтматов Ленин ордени жана «Орок жана Балка» алтын медалы менен сыйланган. Советтик жазуучулар арасынан Чыңгыз Айтматов Социалисттик эмгектин баатыры наамын алган биринчи жазуучу болгон.

2003-жылдын бул күнү Бишкектеги «Ош», «Дордой», «Аламүдүн», «Ортосай» базарларындагы контейнерлер ээлери иш ташташкан. Иш адамдарынын нааразычылыгы, каржы министрлиги тарабынан соода түйүндөрүндө кассалык аппараттын коюлуш талабынан улам келип чыккан.

Бул күнү, 165-жылы англис адамы Генри Робинсон дүйнөдө биринчи болуп үйлөнүү агенттигин ачып, 1916-жылы Джон Рокфеллер дүйнөдөгү биринчи миллиардер атыгып, 106-жылы атактуу Рим полководеци Помпей, 1758-жылы айтылуу англис адмиралы Горацио Нельсон, 1820-жылы орус тарыхчысы Иван Забелин, 1901-жылы америкалык физик, Нобель сыйлыгынын лауреаты, атом бамбасын чыгарган Энрико Ферми, 1904-жылы орус жазуучусу Николай Островский жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG