Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

ЛУКАШЕНКО БАТЫШТАГЫДАЙ ШАЙЛОО ӨТКӨРДҮМ ДЕП ЭСЕПТЕЙТ


Белоруссияда жекшемби күнү Улуттук жыйындын өкүлдөр палатасына жаңы депутаттар шайланды. Добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 75 проценттен ашууну катышты. Алгачкы маалыматтарга караганда парламентке оппозициянын бир да өкүлү өтпөй тургандай. Палатадагы 110 мандатка 263 талапкер, алардын ичинде оппозициянын 70 өкүлү ат салышкан эле. Добуш берүүнүн жүрүшүнө эл аралык байкоочулар көз салышты.

Белоруссиядагы (Беларустагы) быйылкы саясий өнөктүккө президент Александр Лукашенко өткөн аптада эле озунуп баа берип, аны “Батыштын эрежеси менен өткөрүлгөн өнөгөсүз шайлоо” деп атаган эле.

Кечээ (28-сентябрда) эрте шашкеде добуш бергени келгенде да ал шайлоо “бардык жагынан Батыштын үлгүсүнө бап келгенин” кайталап, атүгүл мындай “шайлоо өткөргөн бир да өлкөнү таппайсыңар” деп ишендирди. Ошондуктан “бу жолку шайлоону тааныбай коюш Батыштан келген байкоочуларга өтө кыйын болот”, - деп айтты ал. Ошол эле учурда Белоруссия “шайлоону өзү үчүн, өз мамлекети жана эли үчүн өткөрүп жатканын” да эске салып өттү.

Өткөн аптада чет элдик маалымат каражаттарында жарыяланган маектеринде Лукашенко “шайлоону Батыштын түшүнүктөрүнө ылайык өткөрүү үчүн Белоруссиянын өз мыйзамдарына, жадесе конституциясына да көз жумуп койгонго аргасыз болуп жатканына” даттанган эле.

Буга кошо ал бул жолу да шайлоону европалыктар эл аралык стандарттарга ылайык келген жок деп баалаша турган болсо, анда Белоруссия Батыш менен бардык байланыштарын жыйыштырып коерун да эскерткен.

Европалык байкоочулар жекшембидеги шайлоо тууралуу өз тыянактарын бүгүн айтканы жатышат. Азырынча эң чоң өзгөрүү деп алар байкоочуларга добуштардын санагына катышканга уруксат берилгенин гана аташты. Ал эми КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын делегациясы адаттагыдай эле саясий өнөктүк мыйзам чегинде өткөнүн, добуш берүү ишин уюштуруу жагынан бийликтерге эч кандай дооматтары жоктугун ырасташты.

Оппозиция болсо жекшемби күнү добуш берүү жайлары жабылар замат эле борбордук шайлоо комиссиянын алдына митингге чогулду. Соңку он жылдан бери Белоруссияда быйыл биринчи ирет алардын 70тей өкүлү депутаттыкка талапкер болуп катталышты. Бирок оппозиция эркин жана демократиялык шайлоонун башкы шарттары баштагыдай эле аткарылган жок деп эсептейт.

“Бу шайлоону биз эч качан адилеттүү жана мыйзамдуу деп тааныбайбыз”, - деп айтты Бириккен жарандар партиясынын жетекчиси Анатолий Лебедько. Анткени шайлоо комиссияларына оппозициялык партиялардын өкүлдөрү кирген жок. Мунун өзү добуштар адилет саналбайт, депутаттар адаттагыдай эле дайындалат дегенди билдирет.

Карапайым шайлоочулардын да быйылкы өнөктүк туурасында пикирлери ар түрдүү.

Элет жеринде жашаган аялдардын бири жаңы парламенттен аздыр-көптүр иштерди күтсө болорун, негизинен кыштак калкынын турмушуна көңүл бурушат деп үмүт кылып жатканын билдирди.

Минскиде жашаган бир жаш жигит болсо эркиндик жетишпей жатканын айтып, өзгөрүү болоруна анчейин көзү жетпей турганын, колдон келсе чет өлкөгө кетип, ошол жакта жан багууну көздөп жүргөнүн кошумчалады.

XS
SM
MD
LG