Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

16:25 Жалал-Абат облусунда Тажикстандын жараны маңзат менен кармалды


Согду облусунун Расулов районунун 44-жаштагы тургунуна кылмыш иши козголуп, ал убактылуу тергөө абагына киргизилди. Ушу тапта кылмыш ишине ылайык сурак иштери жүргүзүлүүдө. Тажикстандын бул жараны бангизаттарын соодалоо ишине көптөн бери аралашып жүргөнү байкалган. Аны манзаттарына каршы күрөшүүчү мамлекеттик агенттиктин түштүктөгү башкармасынын кызматкерлери колго түшүрүшкөн. Аны текшерген кезде ак баштыгынан үч түйүнчөк чыгып, андагы манзаттын өлчөмү 2 килгорам 700 грамм апийим болгон. Колго тушкон нашаанын наркы кара базарда 900 миң сом болуусу ыктымал деген түкшүмөлдөр бар. Буга дейре облуста көбүнчө жумушсуздар аз өлчөмдөгү кара куурай жана нашаалар менен кармалган окуялар болгон. (YA)

XS
SM
MD
LG