Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

КЫТАЙ САБАКТАРЫ: ЫМЫРКАЙ ДЕН-СООЛУГУН САКТОО АРАКЕТТЕРИ


Жогорку Кеңештин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттыкты сактоо комитети кечээ ымыркайлардын ден-соолугун коргоону караган мыйзам долбоорун талкуулап, аны бир добуштан кабыл алышты. Ага ылайык эмчектеги балдарга алты айдан эки жылга чейин эне сүтүн берүү керектигин кеңири түшүндүрүү жана ымыркайларга эне сүтүнүн ордуна берилүүчү кошулмаларды жарнамалоого тыюу салуу каралган. Буга чейин коңшулаш Кытайда эмчектеги балдарга берилчү кургак сүттөн ымыркайлар массалык түрдө ууланышып, алардын бир канчасы каза болгон. Ошол себептүү да мыйзам долбоордун демилгечилери ымыркайларга берилүүчү кошулмаларды саткан ишканалардын товарларын жакшылап текшерип туруу зарылдыгын айтышууда.

“Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө” деп аталган бул мыйзам долбоорду комитет жыйыны бир добуштан колдошту. Мыйзам долбоордун негизги өзгөчөлүгү катары депутаттар ымыркайларга берилүүчү жасалма азыктарды жарнамалоого тыюу салуу жана ал кошулмаларды чыгарган ишканалардын товарларын катуу көзөмөлдөө болоорун айтышты.

Депутат Зиядин Жамалдинов буга байланыштуу, кошулмаларды жарнамалоого тыюу салуу маселеси боюнча долбоордун баяндамачысы депутат Динара Молдошевага суроо узатты:

Зиядин Жолдошев:- Сиз айтып атасыз, жарнамаларды токтотуш керек деп. Эгер аны жарнамалабаса айылдагы ата-энелер кайдан билет кайсы кошулма кандай, анын курамында эмне заттар бар экенин?

Динара Молдошева:- Биз ар бир кошулма салынган кутуга бардык керектүү маалыматтар кыргызча-орусча жазылыш керек деп, мыйзам долбоорго жаздык. Сөзсүз анын курамы, сапаты, кандай даярдалышы керек, кандай балдарга, канча айдан баштап берилиши керек, мөөнөтү деген сыяктуу маалыматтар жазылышы керек деп атабыз. Ал эми аны жарнамалоо, дарыгерлер тарабынан үгүт иштерине жол бербөө керек. Бул боюнча саламаттыкты сактоо министрлиги чара көрүш керек.

Андан тышкары Динара Молдошеванын айтымында, эгерде бул жаатта кечиктирилгис чаралар көрүлбөсө Кытайдагыдай ымыркайлардын массалык уулануусу болуп кетиши да ыктымал.

Эскерте кетсек, жакында эле Кытайда сүт кошулмаларынан 50 миңден ашуун ымыркай ууланып, алардын кеминде төртөө ажал тапкан. Курамында “меламин” табылган мындай кошулмаларды ичкен дагы 150 чамалуу ымыркайдын абалы оор экендиги айтылат. Андыктан депутаттардын ишениминде, бул мыйзам долбоорду тез арада кабыл алып, алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттыкты сактоо комитетинин төрагасы Николай Байло бул жаатта мындай дейт:

- Бул мыйзам долбоор мындай кошулмаларды колдонууга тыюу салбайт. Ар бир энеде тандоо укугу кала берет. Мыйзам жөн гана маалымдуулукту арттыруу менен мындай азыктарды жарнамалоого бөгөт коет. Чынында бул жерде бизнес басымдуулук болуп жатат. Бирок бул улуттун генофондуна байланыштуу маселе.

Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы Кытайдагы окуядан кийин ымыркайлардын саламаттыгын сактоого байланыштуу иш-чараларын күчөтө баштады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Касымбек Мамбетов бул тууралуу мындай дейт:

- Биздин бул боюнча программабыз бар, ошол боюнча иштеп атабыз. Жалаң гана Бишкек эмес бардык региондор боюнча иш алып барып атабыз. Анча-мынча төрөт үйлөрүндө, дарыканаларда эне сүтүнүн ордуна берилчү кошулмаларды саттыргандарды, аларды үгүт кылган кызматкерлерди жакында өтчү жыйында талкуулап, тиешелүү чараларды көрөбүз. Бул программаны Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен биргеликте жасап атабыз.

Ал эми адистердин баамында, өкмөт бул тууралуу тез арада тиешелүү жыйынтыктарды чыгарып, чет жерден алынып келинген жана Кыргызстандын өзүндө чыгарылган жасалма азыктардын сапатын текшерип, товар өндүрүүчүлөргө карата талаптарды күчөтүшү керек.

XS
SM
MD
LG