Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Генаралдык ассамблеясынын 63-сессиясында Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулу өз сөзүн, абдан тез өзгөрмөлүү шарттарда БУУнун дүйнөлүк ролун дагы да жогорулатуу зарылдыгын, ал үчүн уюмдун бардык системасын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоого кепил боло ала тургандай, дүйнөдөгү көйгөйлүү маселелерге ийкемдүү жана эффективдүү көңүл бура алгандай кылып реформалоо керектигин айтуу менен баштады.
Андан ары мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу БУУнун ишмердүүлүгүнө токтолуп, Кыргызстан 2012-жылдан 2013-жылга чейин БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин сунуштаганын жарыялады.
Ошондой эле ал Кыргызстан уюмдун ишмердүүлүгүн арттыруу үчүн өзүнүн жигердүү салымын кошо берерин айтып, Кыргызстандагы радиоактивдүү калдыктар тууралуу да кеп козгоду:
- Тилекке каршы Кыргызстандын аймагында азыркыга чейин радиоактивдүү калдыктар көмүлгөн жайлар кала берүүдө. Алардын талапка ылайык жашырылышы жана региондо экологиялык катастрофа болуп кетпөөсү маселеси күн тартибинде турат.
Андан тышкары ал бул сыяктуу маселелер келерки жылы Кыргызстанда өтүүчү Тоо саммитинде да козголорун, андыктан эл аралык коомчулуктун көңүл буруусун суранды:
- Биз БУУнун мүчө өлкөлөрүнө Генералдык ассамблеянын мурдагы саммитинде “Туруктуу тоо өнүгүүсү” деп аталган резолюциясын колдоп бергендерине ыраазычылык билдиребиз. Ага ылайык 2009-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында тоо өнүгүшүнө арналган Тоо саммити өткөрүлөт.
Саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашевдин айтымында, мамлекеттик катчы негизинен БУУнун Генералдык ассамблеясынын кезектеги сессиясында туура маселелерди көтөрдү. Алардын бири Кыргызстандагы радиоактивдүү кадыктар көмүлгөн жайлар тууралуу болду:
- Чындыгында Кыргызстанда радиоактивдүү калдыктар көмүлгөн жайлар көп. Түндүктө да, түштүктө да бар. Кумтөрдө деле калдыктар жатып атпайбы. Эгер кырыск болуп кетсе Кыргызстанга эле эмес бүтүндөй регионго терс таасирин тийгизет. Ал эми бул маселени чечиш үчүн биздин өздүк каржылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүбүз жок.
Саясат талдоочунун баамында, учурда БУУ өзү реформаларга, жаңыланууга муктаж. “Кала берсе эл аралык коомчулук арасында БУУнун баш кеңсесин көчүрүү маселеси да айтылып жүрөт”,- дейт ал:
- БУУнун уставындагы негизги принциптердин арасында карама-каршылыктар көрүнүп атат. Маселен, Түштүк Осетиядагы болгон окуя мына ушул принциптердин бири-бирине чындап эле карама-каршы келип каларын, ошолорду бир кайрадан системага салуу керектигин көрсөтүп койду.
БУУнун Генералдык ассамблеясы, анын башкы кеңешме органы болуп саналат. Анын чечимдери кеңештерди берүү түрүндө гана болуп, сөзсүз эле аткарууга милдеттендирбейт. Ошентсе да анын чечимдери абдан жогору бааланат. Генералдык ассамблея БУУга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнөн турат. Азыркы тапта ал 192 өлкөдөн турат.