Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

АК ҮЙ «КУТКАРУУ ПЛАНЫН» КУТКАРУУ АЛЕКЕТИНДЕ


АКШ сенатында шаршемби күнү “Полсон планы” колго салынып, көпчүлүктүн добушун алды. Мыйзам долбоорун 74 сенатор колдоду, 25и каршы чыкты. Добуш берүүгө президенттикке талапкерлер Жон Маккейн менен Барак Обама да катышты.Мыйзам долбоору дүйшөмбү күнү конгресстин өкүлдөр палатасында өтпөй калган эле. Эми ал эртең – жума күнү кайрадан колго салынат.

“Полсон планында” олуттуу оңдоолор жок,болгону банктагы салымдардын сакталышына өтүлдүк берген өкмөттүк кепилдиктердин өлчөмү мурдагы 100 миңден 250 миң долларга жогорулатылды. Мыйзам долбоору сенатта добушка коюлар алдында анын айрым өңүттөрүн президент Жорж Буш өзүнүн экономикалык кеңешчилери менен дагы бир ирет талкуулап чыкты. Финансы министри Генри Полсон менен Федералдык резерв системасынын төрагасы Бен Бернанкени Ак үйгө түшкү тамакка чакырып, фонд жана кредит рынокторундагы кырдаалга кызыкты. Мындан тышкары Буш бир катар сенаторлорго телефон чалып, алардан 700 миллиард долларлык стабилдештирүү долбоорун колдоп берүүнү өтүндү.

Америкалык мыйзамгерлерге океандын бери жагынан - Европадан да кайрылышты. Атап айтканда, Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу аларды “Полсон планы” боюнча ыкчам чечим кабыл алганга чакырып,АКШнын жоопкерчилигин жана азыр баарынан мамлекеттик акылгөйлүк талап кылынып жатканын эске салды.

Мыйзам долбоору дүйшөмбү күнү өкүлдөр палатасынан өтпөй калганда америкалык бир катар байкоочулар экономиканы кризистен куткарууну көздөгөн пландын өзүн куткарып калуу зарылдыгы пайда болгонун жазып чыгышкан эле. Таасирдүү “Тайм” апталыгы мындан экинчи бир кризисти – саясий ишеним кризисин көрдү. Эй-би-си телекомпаниясынын журналисттери да калк арасында бийликтин бардык бутактарына ишеним азайып,ал кеңири жайылып баратканын белгилешти.

Өз кезегинде Ак үйдүн маалымат катчысынын орунбасары Тони Фратто долбоордун өкүлдөр палатасында колдоо таппай калганы үчүн жоопкерчиликтин бир үлүшүн журналисттерге жүктөдү. ”Министр Полсон даярдаган план Уолл-стритти же ал жерде отурушкан аткаруучу директорлорду куткарып калуунун планы эмес,- деп түшүндүрдү Фратто. – Долбоордо каралган чаралар бүткүл америкалык экономиканын проблемаларын чечкенге жардамдашат”.

Президент Буш “Полсон планы” өлкөнүн экономикалык бардык кыйынчылыктарын чечип жибербей турганын, бирок финансы чөйрөсүндөгү кризистин бүткүл экономикага жайылып кетишине бөгөт боло аларын айткан эле.

Саясий аналитиктер Ак үй долбоордун сенатта каралышына жетишип, муну менен өкүлдөр палатасына кысым көрсөтүүнүн кошумча мүмкүнчүлүгүнө ээ болду дешет. “Тайм” апталыгы эске салгандай, документке өткөндө негизинен ноябрдагы шайлоодо кайра мандат аларына ишене бербеген конгрессмендер каршы чыккан. Алардын арасында Буштун партиялаштары – республикачылар астамдык кылышкан.

Эмдиги айдын башталышында конгресс толугу менен,ал эми сенаттын үчтөн бири кайра шайланат. Шайлоочулар арасында болсо “Полсон планын” колдобогондор арбын. Иши кылып,документтин тагдыры кайра айланып келип эле өкүлдөр палатасында чечиле тургандай. Бери эле дегенде Буш жума күнү палата маселеге дагы бир жолу кайрылып, долбоор кайра добушка коюларына ишенич билдирди.

XS
SM
MD
LG