Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

10:45 Лейлекте сел он бештен ашуун турак-жайга залалын тийгизди


Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча 30-сентябрда нөшөрлөп жааган жаандан пайда болгон сел үйлөрдү, короо-сарайларды, жолдорду жана арыктарды жууп кеткен. Райондун Бешкент айылы көбүрөөк жабыркап, анда 10го чукул үй, 20дан ашуун короо жайды сел каптаган. Ал эми Кулунду айылында 5 турак-жай жана короо-сарай селге кабылып, 1-2 чакырым жол жуулуп калган. Моргун айыл өкмөтүндө да жолдор менен арыктар селге жуулган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG