Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

БАЙКООЧУЛАР: ЭЛДИН ШАЙЛООГО КАРАТА МААНАЙЫ СУЗ


Бир катар көз карандысыз уюмдардын өкүлдөрү алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата алдын-ала байкоолорун жарыя кылышты. Ага ылайык, жер-жерлерде шайлоо кампаниялары жандуу болбой, элдин шайлоого болгон кызыгуусу төмөн. Шайлоо алдында анча-мынча партиялардын өкүлдөрүнө тоскоолдуктар болуп жатканы айтылганы менен эч ким расмий түрдө кайрылган эмес. Ошондой эле байкоочулар бул шайлоолордун негизги өзгөчөлүгү - талапкер арасында жаштардын көп болуп жатышы экендигин айтышат. Ал эми бийлик өкүлдөрү жер-жерлерде шайлоо учурунда тоскоолдуктарды болтурбоого аракет кылышаарын, ага жол берген чиновниктер аныкталса кызматынан бошотулаарын айтып келишет.

Бейөкмөт уюмдардан куралган байкоочулар тобунун региондордо жүргүзгөн байкоолоруна ылайык, азыркы жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун негизги кемчиликтеринин бири маалыматтын жоктугу, элдин эле эмес талапкерлердин да маалымдуулугунун төмөндүгү болгон.

“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун юристи Абдыкерим Ашировдун айтымында, эл арасында шайлоо кодексинин нормаларын билген адамдар аз. Ал гана эмес талапкерлер да мыйзамдык жана укуктук билимге муктаж экендиги аныкталган:

- Азыркы талапкерлер арасында жаштар көп экен, ушундай тенденция, агым башталыптыр. Алар деле бирок өздөрүнүн укуктарын билишпейт. Көпчүлүктүн агымы менен эле талапкерлигин коюп алышкан. Шайлоочулар арасында деле шайоо кодексинин нормаларын билгендер сейрек. Алардын билгени ушул, “шайлоодо бюллетенди урнага алып барып салыш керек”, болду. Анын жыйынтыгына деле шайлоочулар ишенишпейт экен. Бирок акыйкат өтөбү деп үмүттөнгөндөр да бир топ.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын программасынын координатору Медер Талканчиевдин айтуусуна караганда, алар байкоо жүргүзгөн түштүк аймактарында элдер көбүнчө күзгү иштер жана кышка даярдануу менен алек болушуп, шайлоого кызыккандардын саны төмөн болгон. Ошондой эле ал айтылып жаткан айрым талапкерлерге карата тоскоолдуктарды далилдөө, аныктоо мүмкүн болбогонун билдирди:

- Айрым партиялардын өкүлдөрүнө кысымдар болуп атканын бизге айтып келип атышты. Бирок бизге расмий түрдө кайрылган бирөө-жарым болгон жок.

Буга чейин президент өзгөчө бийлик партиясынын жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен ашыкча алектенбөөгө чакырып, жер-жерлердеги бийлик өкүлдөрү көзөмөл катуу болорун, тоскоол кылган чиновниктер аныкталса дароо кызматынан бошотуларын айтышкан.

Ош облусунун губернатору Аалы Карашев бул тууралуу мындай деген:

- Ош облусунун аймагында айылдык кеңешке же райондук кеңешке болгон шайлоодо, кайсы саясий партия болбосун эч кандай тоскоолдук жок. Мен ушул эфирден пайдаланып өзүм да сурана кетет элем. Эгерге бир айылдык кеңеште же райондук кеңеште бир тоскоолдук болгон болсо түз эле айтыңыздар. Ал киши мамлекеттик кызматкер болсо ошол күнү эле кызматтан бошотобуз.

“Интербилим” борборунун өкүлү Асел Куттубаева Нарын облусундагы байкоолорго токтолуп, Нарын облустук аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мырзабек Кадыркуловдун шайлоо алдында кызматтан бошотулушу айрым суроолорду пайда кылганын билдирди:

- Биз Нарын облусуна барган учурда, ошол эле күнү облустук аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кызматынан алыныптыр. Менин оюмча бул бир гана төраганын эмес, шайлоочулардын да укуктарынын бузулушу болуп саналат. Себеби шайлоо алдында шайлоо комиссияларынын төрагаларын алмаштыруу болбошу керек.

XS
SM
MD
LG