Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

ООГАНСТАН: КАНДАГАРДА ТААНЫМАЛ ПОЛИЦИЯЧЫ АЯЛ ӨЛТҮРҮЛДҮ


28-сентябрда талипчил жоочулар Ооганстандын Кандагар аймагында ооган аялдарынын ичинен чыккан белгилүү кызматкер, полициячы аялды өлтүрүп кетишкен. Кандагардагы Шаардык полициянын аялдарга каршы кылмыш бөлүмүнүн жетекчиси Малалай Какар (Malalai Kakar) айым иштен кийин үйүнө бара жатканда, жоочулар анын унаасын аткылашкан. Аялзатынын ооган коомундагы ордун чыңдоо үчүн күрөшкө жеке мисалында салым кошкон кайраттуу полициячы айымга кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Талиптер” кыймылы өзүнө алган.

Ооган өкмөтүнүн Кандагар вилайетиндеги басма сөз өкүлү Залмай Айубинин (Zalmay Ayoobi) айтымында, Какар айым жоочулар кол салган соң, ошол жерде эле жан берген, ал эми анын 18 жаштагы уулу оор жараат алып, учурда эс-учуна келе албай ооруканада жатат.

Эл аралык террорчу уюм “ал-Кайиданын” колдоочусу болгон “Талиптер” кыймылынын өкүлү Юсуф Ахмади (Yousuf Ahmadi) басма сөз каражаттарына “Биз Какарды жок кылууну көздөгөнбүз жана биз өзүбүздүн максатыбызга ийгиликтүү жеттик” деп билдирди. Кандагар вилайети оогандардын экстремисттик “Талиптер” кыймылы жаралган аймак болуп эсептелет.

Алты баланын энеси Малалай Какар Ооганстандагы жогорку деңгээлдеги адис жана кызматкер аялдардын бири болчу.

Какар айым жергиликтүү жана эл аралык басма сөз каражаттарында ок атышуулардын биринде киши өлтүрүүгө камынган үч кылмышкерди өлтүргөндөн кийин кеңири белгилүү болгон.

Какар 2001-жылы аймактан талип жоочулары куулгандан кийин Кандагар полициясына кайрадан ишке кирген аялдардын алгачкы өкүлү болгон. Какар кылмыштардын бетин ачууда активдүү иш жүргүзгөн жана кабарларга караганда, өзүнө карата көптөгөн коркутуп-үркүтүүлөрдү угуп келген.

Какар Кандагарда 10 полициячы аялдан турган топту жетектеп келген. Бир нече күн мурда Какар айым “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын Ооган кызматына маек куруп берген эле:

- Учурда биздин алдыбызда турган көйгөйлөрдүн бири – полициячы аялдардын туруктуу жашаганга үй-жайы жок. Алардын үйлөрү өтө узак аралыкта, же алар коопсуздук жакшы камсыздалбаган аймактарда жашайт. Андыктан алар ишке кечигип келишет.

Какар айым алгачкы жолу Кандагардагы полицияга 1982-жылы өткөн. Анын атасы жана ага-инилери дагы полицияда кызмат өтөчү. Талиптер Ооганстанда өз режимин орноткон соң, аялдар үйдө отурушу керек деп талап кылышып, Какар айым башка аялдардай эле иштен кетүүгө мажбур болгон.

Ооганстанда буга чейин дагы полициячы аялдарга кол салуу окуялары болуп келген. Июнда талип жоочулары Герат аймагында Биби Хур (Bibi Hoor) аттуу полициячы аялды өлтүрүп кетишкен.

Өткөн алты ай ичинде Ооганстанда 750 полициячы набыт болгон. Өкмөттүн билдирүүсүнө ылайык, Какар айымга кол салуу болгон күнү полиция Гилменд вилайетинде 17 жоочуну буктурмага алып өлтүргөн.

Үстүбүздөгү жылы Ооганстандагы куралдуу кагылышуудардын айынан 4 миңдей адам, анын ичинде 1500төй карапайым киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG