Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

ИСА ӨМУРКУЛОВ: ПЕДСТАЖ ҮЧҮН БАРДЫК МУГАЛИМДЕРГЕ ТӨЛӨП БЕРИШ КЕРЕК


Октябрдын биринчи жекшембисинде Кыргызстанда мугалимдердин кесиптик күнү белгиленет. Мугалимдер өлкөдө калктын маянасы аз катмары болуп саналат. Мугалимдердин татыктуу иштеп, татыктуу жашашын кепилдеген мыйзамдардын кандай аткарылып жатканы жөнүндө Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим жана маданият, маалымат комитетинин төрагасы, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Иса Өмуркулов Азаттыкка маек куруп берди.

- Адегенде айтсаңыз, мындан бир аптача мурда кошумча акчасын алабаган мугалимдердин жоон тобу Жогорку Кеңешке келип, сиздерден жардам сурап жүрүштү эле. Аларга кандай жардам көрсөтүлдү, маселеси чечилгенге бир аракет болдубу?

-Биринчиден, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып мен бүткүл республикадагы биздин урматтуу мугалимдерибизди кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Албетте бүгүнкү күндө мамлекет аларга педагогикалык стаж үчүн мыйзамда каралган акчаларды тилекке каршы төлөп бералбай жатат. Буга байланыштуу көп коллективдер, мугалимдер сот аркылуу доолап кайрылып, май, июнь айларында өкмөт 300 миллиондон ашык акча төлөп берди. Ошондон калган карыздар бар, Өкмөт аны дале берип бүтө элек. Азыр бизге дагы кайрылып атышат. Жакында биз бул маселени комитетте карадык. Ал жерге билим берүү жана илим министрин, каржы министрин чакырдык, талапты койдук мыйзамды аткаруу боюнча. Бирок тилекке каршы бүгүн бул маселе чечилбей, ачык бойдон калып атат.

- Кыргыз өкмөтү каражат тартыш деген негиз менен билим берүү мыйзамында педагогикалык стаж үчүн кошумча акы төлөө тууралуу беренени алып салуу боюнча долбоор даярдады деген кабар айтылып жатат. Сизде бул боюнча комитет төрагасы катары маалымат барбы, кандайдыр бир сунуш түштүбү?

- Мындай маалыматтар бар, бул маалымат туура. Биздин комитетке ошол мыйзамдын долбоору келип түштү. Анда мугалимдерге педагогикалык стаж үчүн кошумча төлөмдөр каралган 32-беренени алып салуу каралыптыр. Анын ордуна булар сунуштама киргизип атыптыр, бул маселени өкмөт өзү чечет деген. Бирок булардын бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча карыздарды төлөп бералбай, өкмөттүн тапкан айласы болуп атат тилекке каршы.

- Эгер бул документ кабыл алынып калса, өкмөт мугалимдерге карызынан кутула албай калгандай болуп калат да. Себеби буга чейин мугалимдердин жарымы алдык, жарымы алалекпиз деген сот аркылуу кайрылып атышпады беле?

- Негизинен бул төлөмдөрдү Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустары толугу менен алды. Түштүк регион толугу менен алган жок. Алар мыйзамды өтө урматтап атышабы, бирок түштүк тараптан кайрылуулар болгон жок, ошон үчүн алар алалган жок.

- Сотко кайрылган жокпу?

- Көбү сотко кайрылган жок. Эми кайрадан баштап атышат. Эгерде кайрылса алар дагы алыш керек эле. Эмен үчүн биздин бөлөк жактагы мугалимдер алыш керек, түштүк региондогу мугалимдер албаш керек. Ошон үчүн булардын баарына төлөп бериш керек, өкмөт аркылуу, мыйзамдын талабы аткарылыш керек.

- Жана сиз айтып жаткан өкмөттүн сунушу качан парламентке чыгарылышы мүмкүн. Комитет качан чечим чыгарып берет?

-Комитет эми бир айдын ичинде карап, пленардык жыйынга сунушташ керек. Мен ойлоп турам, бул мыйзамды талкуулоо боюнча мугалимдердин дагы өкүлдөрүн, мугалимдердин профсоюздарын, жетекчилерин, өкмөт мүчөлөрүн чакырып туруп, пайда-заянын талкуулап туруп анан сунуштайбыз.

- Маегиңизге рахмат.

Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек
XS
SM
MD
LG