Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:27

КАБИЛОВА КАЧКАН ОКУЯДА КАТЫЛГАН СЫР КӨП


БШКнын мурунку төрайымы Клара Кабилованын видеокайрылуусу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө иштери уланууда. Дүйшөмбү күнү “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул окуя боюнча күбө катары суракка чакырылды. Ал эми президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркуловду тергөөгө чакыруунун убактысы аныктала элек.

Клара Кабилова өзүнүн видеокайрылуусунда “мени кордоду, коркутту” деп айыптаган президенттин уулу Максим Бакиев Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрүнүн суроолоруна 30-сентябрда жооп берген. Андан кийин оппозиция өкүлдөрү Темир Сариев, Чолпон Жакупова башкы прокуратурада болуп, тергөөчүлөр алдында болуп кайткан.

Дүйшөмбү күнү “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев суракка келерин башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Учкун Каримов бүгүн “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, ушул кезге чейин Клара Кабилова менен байланыш болгон жок, анын кайда экендиги расмий түрдө аныктала элек.

Башкы прокуратура президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркуловду да күбө катары суракка чакырууну пландаштырууда. Бирок аны чакыруунун убактысы тактала элек. Клара Кабилова өзүнүн кайрылуусунда Медет Садыркуловдун “ак-кара кеңсеси” менен иштеше албасын, шайлоо укугу боюнча маселелерде президенттик администрация башчысы менен макул эместигин жана Садыркуловдун бул орунда турууга моралдык акысы жок экенин билдирген.

Мына ушундай билдирүүлөр менен 25-сентябрда өлкөдөн чыгып кеткен Клара Кабилова менен байланышкан расмий адамдардан жалгыз гана Турсунбек Акун болууда. Акыйкатчы бул окуя боюнча өзүнчө иликтөө ишин жүргүзүүнү чечүүдө. Клара Кабилова менен байланышууга Турсунбек Акунга Кыргызстандын Москвадагы элчилиги жардам берген.

Өлкөнүн Москвадагы толук-ыйгарым укуктуу элчиси Раимкул Аттокуров Клара Кабилова менен байланыш анын кызы аркылуу гана болуп жатканын билдирди:

- Кызы менен байланышыбыз бар. Телефон аркылуу аны менен байланышып турабыз. Кызы бул жерде жогорку окуу жайдын биринчи курсунда окуйт. Өзү менен байланышыбыз жок.

Бул арада Жогорку Кенеш 3-октябрда Борбордук шайлоо комиссиянын жаңы төрагасын шайлады. Бул кызматка буга чейин президент тарабынан БШКнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган Дамир Лисовскийдин талапкерлиги сунушталып, депутаттар аны көпчүлүк добуш менен бекитишти.

Парламенттеги оппозициялык социал-демократиялык жана коммунисттик фракциялар Дамир Лисовскийдин талапкерлигине сын көз карашта болушту, бирок президенттик “Ак жол” фракциясы көпчүлүк добуш менен Лисовскийди бекитти.

Президент ушул эле күнү өзүнүн жардыгы менен Лисовскийди БШК төрагалыгына дайындады. Эми ал 5-октябрга белгиленген жергиликтүү кеңешке шайлоону толук кандуу төрага катары өткөрүүгө кирише алат.

Клара Кабилованын видеокайрылуусун 26-сентябрда маалымат жыйынында жарыялаган оппозиция лидерлери болсо күбө катары Башкы прокуратурага суракка чакырылууда. Оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймылдын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов Клара Кабилованын кайрылуусу боюнча кылмыш ишинин козголушун туура баалап, суракка күбө катары чакырылган оппозиция лидерлерине тергөөчүлөр сый мамиле кылганын айтты.

Коомчулукта Клара Кабилованын экинчи билдирүү менен чыгуусу тууралуу сөздөр жок эмес. Аликбек Жекшенкулов андай маалымат бар экенин айтат:

- Ооба, биз дагы ошондой маалымат укканбыз. Бирок 10-октябрдан кийин болот го. КМШ мамлекеттеринин саммити бүткөндөн кийин.

Жекшенкуловдун пикиринде, Клара Кабилованын экинчи билдирүүсү өткөн жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу болушу күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG