Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:57

АКШ: ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН ТАЛАШ-ТАРТЫШЫ


Кечээ (бейшемби күнү, 2-октябрда) түнгө маал АКШда президенттик шайлоонун алдында көптөн күтүлгөн дебаттардын бири болду. АКШнын вице-президенттигине талапкерлер – Республикачылар партиясынын атынан чыккан Сара Пэйлин (Sarah Palin) жана анын атаандашы, Демократиялык партиядан Жозеф Байден (Joe Biden) 4-ноябрга белгиленген шайлоонун алдында бири-бири менен алгачкы жолу талаш-тартыш жүргүздү. Буга чейин саясий тажрыйбасы аз деп айтылып келген Алясканын губернатору Пэйлин айым дебат учурунда өзүн такшалган саясатчы катары көрсөтө алганы кабарланууда.

Сара Пэйлин 90 мүнөткө созулган талаш-тартыш учурунда бир нерсени далилдеши керек болчу: ал Республикчылар партиясына вице-президенттик кызматка татыктуу экенин көрсөтүшү керек эле. Дебаттан кийинки коомдук сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, Пэйлин бул максатына жете алды.

Вице-президенттикке талапкерлердин Миссури штатынын Сент-Луис шаарындагы Вашингтон университетинде өткөн талаш-тартышын улуттук сыналгыдан 50 миллиондой адам көрдү. АКШ президенттигине талапкер Жон МакКейн эгерде шайлоодо утуп чыкса, вице-президенттик кызматты Пэйлин айымга сунуш кылары бир ай мурда күтүүсүздөн жарыяланган. Мына ошондон бери алгачкы ирээт Америка эли Пэйлин айымдын саясий тажрыйбасын байкап көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

МакКейндин шайлоо штабы Пэйлин айымды массалык маалымат каражаттарынан коруп келди. Буга чейин ал сыналгы каналдарына анча-мынча эле интервью берген. Ошонун өзүндө дагы Пэйлин айым өлкөнүн тышкы жана ички саясаттарында тажрыйбасынын жетишсиздигин айгинелеткен.

Көпчүлүк америкалыктар Алясканын губернатору Сара Пэйлинди “өткөн жылга чейин бир дагы жолу Түндүк Америкадан чыкпаса, кантип эле тышкы саясаттан кабардар болмок эле” дешип сынга алып келишти.

Чындыгында эле Пэйлин айымдын массалык маалымат каражаттарындагы көрсөткүчү абдан төмөн болуп, жада калса Республикалык партиянын айрым мүчөлөрү аны “өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн” жарыштан чыгууга да үндөшкөн.

Бирок бейшемби түнү Пэйлин айым өзүн ишенимдүү сезип, атаандашы Жозеф Байден менен талаш-тартышка абдан даярданганы көрүнүп турду.

Демократиялык партиядан вице-президенттикке талапкер, АКШ сенатынын ардагери, 36 жаштагы Жозеф Байден тышкы иштер саясатында такшалган саясатчы катары таанымал. Бирок Пэйлин айым да дебат учурунда өзүн ишенимдүү кармай алды.

Атаандаштар талаш-тартыштын биринчи бөлүгүндө америкалыктар үчүн орчундуу маселелердин бири – экономикалык кризис тууралуу сүйлөштү.

Пэйлин айым өкмөттү баалуу кагаздар базарларында туруктуулукту камсыздай албаганы үчүн сынга алып, бирок АКШ президенттигине талапкер Жон МакКейн коррупция менен күрөшө аларын, өзүнүн Алясканын губернатору болуп турган маалда алган тажрыйбасы Вашингтондо реформаны ишке ашырууга жардам берерин айтты.

Пэйлиндин атаандашы Жозеф Байден болсо экономикалык кризис үчүн президент Жорж Бушту күнөөлүү деп сынга алып, анын сегиз жылдык башкаруусу азыркы башаламандыкка алып келди деп билдирди.

Тышкы саясат маселесинде тажырыйбасы аз деп айтылып келген Пэйлин айым Демократиялык партиядан президенттикке талапкер сенатор Барак Обаманы сынга алды. Сара Пэйлин “эгерде АКШ Ирактан жоокерлерин чыгарып кетсе, бул ак байракты көтөрүп, колго түшүп бергенге тете болот” деп билдирди:

- Ирак өкмөтү өз элин башкара алганда, жана ирактык жоокерлер алардын коопсуздугун камсыздай алганда гана биздин Ирактагы миссиябыз ишке ашты деп айта алабыз. Бул тууралуу Ирактагы аскер башчыларыбыз бул шарттар аткарылгандыгы жөнүндө бизге айтуусу керек. Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики жана президент Жалал Талабани биз менен иштешип, жеңишке алып келгенде гана бардыгы бүттү деп айта алабыз.

Пэйлиндин жүйөөсү менен макул болбогон Жозеф Байден АКШ Иракка ай сайын 10 миллиард доллар сарптап жатканын, ошол эле учурда Ирак өкмөтү 80 миллиард киреше алып жатканын белгиледи:

- Барак Обама биз машыктырган 400 миң жоокерди Ирак өзүнүн бюджети менен камсыз кылып, жоопкерчиликти өзүнө ала турган мезгил келгенин, америкалык жоокерлер 16 айдын ичинде Ирактан чыгарылышы керектигин айтат. Жон МакКейн менен көз караштарыбыз асман менен жердей: Биз согушту токтотобуз. Жон МакКейн үчүн болсо согуштун аягы алигиче көрүнбөйт.

Республикалык партиянын атынан вице-президенттикке талапкер Пэйлин айым Ирандын өзөктүк программасы жана президент Махмуд Ахмадинежадка карата катаал турумду ээледи. “Бул аймакта АКШнын эң күчтүү ынтымакташы – Израил” деди Пэйлин.

Жозеф Байден болсо бардык маселе сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек экендигин, Ирандын өзөктүк куралды азыр өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгонун айтты. “Пакистанда өзөктүк курал бар, бирок АКШ бул өлкөдө демократияны жолго салып, мектептерди ачып, пакистандыктардын жүрөгүн ээлей алды” деди Жозеф Байден.

Соңку сурамжылоого караганда, АКШ президенттигине талапкер Барак Обама калктын 49 пайызынын колдоосуна ээ болсо, анын атаандашы Жон МакКейн 40 пайыз колдоого ээ болуп, саал артта келатат.

Сүрөт www.bbc.co.uk интернет баракчасынан алынды.

XS
SM
MD
LG