Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:56

БИШКЕКТЕ АЛТЫ МУГАЛИМ ҮЙЛҮҮ БОЛДУ


3-октябрда Бишкекте Улуттук филармониянын имаратында Кыргызстандын мугалимдеринин күнүнө арналган салтанатта президент К. Бакиев агартуу тармагынын алдыңкыларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, бишкектик алты мугалимге муниципалдык квартиралардын ордерлерин карматты.

Президент Курманбек Бакиев акыркы үч жылда мамлекет тарабынан билим берүү тармагына олуттуу көңүл бурула баштаганын жана бюджеттик каржылоонун өскөндүгүн белгиледи:

-2005-жылга чейин жаңы мектептер республикада сейрек салынып келген болсо, 2007-жылы баары болуп он үч миң бала окуй турган жетимиш беш жаңы мектеп салынды. Өткөн жылы жаңы мектептерди курууга бюджеттен алты жүз сексен млн сом бөлүнгөн болсо, быйыл андан да көп сумма бөлүндү.

Президент Бакиев мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы №13 мектептин директору Гүлаим Алиеваны жана №29 мектептин директору Бактияр Кадыровду “Эмгек сиңирген мугалим” наамы менен сыйлап, алты мектеп мугалимине муниципалдык квартиралардын ордерлерин тапшырды. Президент сөзүнүн аягында Кыргызстандын билим берүү тармагындагы эки жүйөөлүү маселени белгилеп өттү:

-Кийинки учурда айрым кесиптер боюнча адистер ашып-ташып атса, айрым кесиптер боюнча мисалы – техникалык кадрлар, инженерлер, тоо-кен адистери такыр жетишсиз. Биздин мамлекеттин алдында – жаңы завод-фабрикаларды, ГЭСтерди куруу милдеттери турат. Ошондой эле урматтуу мугалимдер, биз бүгүнкү күнү кандай адамдарды, кандай адистерди тарбиялап чыгарып жатабыз? Аларга кандай тарбия берип жатабыз?Терең ойлонушубуз керек.... Мисалы Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим берүү талаптагыдай деңгээлинде эмес. Көпчүлүк студенттердин билими тайкы. Акча менен гана бүтүп атышат. Муну токтотуу керек. Эң өкүнүчтүүсү - өз билими менен экзамен берип жаткан студенттин доцент же профессор тарабынан кысымга алынышы. Урматтуу тиешелүү жетекчиликтер, мындай көрүнүштөрдү тартипке келтириңиздер.

Кыргызстанга эгемендик келгенден тарта башталган – педагогикалык кадрлардын жетишсиздиги жана окуу куралдарынын өп-чаптыгы дале чечилбей келет. Кыргыз Улуттук университетинин филология факультетинин доценти Бакыт Баймурзаев жогорку окуу жайларында жаңы программада жазылган окуу китептеринин жетишсиздигине токтолду:

-Жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн окуу куралдары жетишпейт. Айла жок эски программадагы китептерди окуп отурабыз. Жаңы кол жазмалар каражат жок басылбай турат.

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Советбек Байгазиевдин пикиринде, мындай талылуу маселелер өкмөттүк саясаттын негизинде гана чечилмекчи:

-Республикада мугалимдердин жетишсиздиги дале сакталууда. Өзгөчө Бишкек шаарындагы мектептерди көп мугалимдер таштап кетишүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда үч миңден ашык мугалим жетишпейт. Ошондой эле өкмөт окуучулардын окуу куралдарынын каржысын көтөргөнү менен мугалимдер үчүн хрестоматиялар каржы жок чыкпай токтоп турат.
XS
SM
MD
LG