Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Бүгүн АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Үйү каржылык жардам маселесин кайра талкуулай баштады


Бир нече саат мурда башталган отурумда АКШ өкмөтүнүн каржы кризисинен чыгуу үчүн сунуштаган 700 миллиард доллардык жардам маселеси талкууланууда. Дүйшөмбүдө Конгресстин төмөнкү палатасы - Өкүлдөр Үйү өкмөт долбоорун четке каккан. Оңдолуп, толукталган долбоорду жогорку палата – Сенат шаршембиде жактырган. Өкүлдөр Үйүнүн спикери Нэнси Пелоси эми бул палата өкмөттүк каржылык көмөк долбоорун колдоп берет ко деген үмүтүн билдирди. Ал эми Азия менен Европадагы каржы базарында бүгүн баалуу кагаздардын наркы төмөндөй түшкөнү кабардалды.

XS
SM
MD
LG