Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

Германиянын өкмөтү баардык атуулдардын жеке эсептериндеги аманат акчалардын сакталышына кепилдик берет


Экономикадагы глобалдык чакчелекейдин шартында, каржы системасына карата ишенимди чыңдоо максатында немец өкмөтү мындай чарасын кечээ жарыялады. Бул аралыкта Германиянын каржы министрлигинин билдиргенине караганда, банкрот болуу коркунучуна кептелген “Хипо Риел Естейт” банкын куткаруу боюнча макулдашуу жетишилди. “Хипо Риел Естейт” Германиянын ипотекалык кредитке адистешкен эң ири банктарынын бири. Макулдашууга ылайык, 50 миллиард евролук жардамдын 26 миллионун немец өкмөтү, калганын жеке кредиторлор берет.

XS
SM
MD
LG