Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:56

ЧҮЙДӨГҮ ШАЙЛООДО МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР АРБЫН БОЛДУ


Жазгүл Жамангулова, Чүй Кечээ Чүй облустук шайлоо комиссиясы аймактагы шайлоочулардын 71 пайызы добуш берген жана шайлоодо эч кандай мыйзам бузуу катталган эмес деген маалымат таратты. Бирок жергиликтүү, көз карандысыз байкоочулар шайлоого келгендердин активдүүлүгү өтө төмөн болгонун айтышууда. Байкоочулардын баамында, ошондой эле көп шайлоо участкаларында одоно мыйзам бузууларга көз көрүнөө жол берилген.

Мына ушундай мыйзам бузуулардан улам айрым талапкерлер шайлоону жокко чыгаруу керек деп билдиришүүдө.

-
Эки сааттын ичинде 360 бюллетен үкөккө ташталган. Демек ар бир мүнөттө үчтөн киши добуш берген экен, бир мүнөттө үч кишиден, кудайды гана карасаңар боло - , деп талапкерлердин бири мына ушундайча ызы-чуу көтөрдү. Бул Беловодск айыл өкмөтүндөгү №285 шайлоо учаскасындагы окуя.

Бул окуяга күбө болгон Шарипа Сыдыкова бизге төмөнкүлөрдү айтып берди:

-
Мен беш мүнөт эшикке чыгып келген аралыкта тобу менен бюллетендерди үкөккө таштап жиберишиптир. Мен келип териштирип баштасам, баары туш тарабыман чыгып, танып кетишти. Алгач жүз бюллетен алынып келинген. Келсем жыйырмадай эле калыптыр.

Кыскартып айтканда беш мүнөт сыртка чыгып келген аралыкта жүзгө жакын бюллетенди үкөккө таштоого үлгүрүшкөн, аны көз карандысыз байкоочулар дагы келип көрүп кетишти, деди комиссия мүчөсү Шарипа Сыдыкова.

Мына ушундай мыйзам бузуулардан кийин айрым талапкерлер Москва районунун прокуратурасына коңгуроо кылып, ишти териштирүүнү өтүндү. Бирок эч ким басып да келген жок.

Бул маселеден улам биз Чүй олбустук шайлоо комиссиясынын төрайымы Рахат Иманбековага кайрылдык:

- Ооба, мага ал туурасында маалымат беришти. Райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы баарын териштирип, эртең мага жообун берет.

Бул участкадан айырмаланып Аламүдүн районундагы Байтик айыл өкмөтүндө добуш берүү бурмаланган жок дешти байкоочулар менен маектешкенибизде. Бирок көпчүлүк шайлоочулардан мына мындай пикирлерди арбын кезиктирдик.

- Муса, жекшемби күн болгондуктан элдин баары базарга кетишти. Чынында шайлоого эч кимдин деле көңүлү жок. Шайлоого аз эле адам барды десе болот.

Ал эми Ивановкадыгы №8 шайлоо участкасынан көрсөтүлгөн талапкер Анвар Сартаев шайлоону жокко чыгаруу керек деген пикирин “Азаттыкка” билдирди. Себеби шайлоочулар кимди шайлаары туурасында маалымат алышкан жок жана көпчүлүгү тизмеге кирбей калган деп түшүндүрдү. Беловодск айыл өкмөтүнөн райондук кеңешке талапкер болуп жаткан Сапар Аргынбаев талапкерлерге карата мындай пикирин бөлүштү:

-
Талапкерлердин ичинде сабатсыздары да бар. Көрсө азркы бийликке ошондой айдама адамдар керек экен. Алар билген ишин кылды. Аны баарыбыз эле көрүп турабыз.

XS
SM
MD
LG