6-октябрде ИНТЕРФАКС жазганга караганда, Орусиянын Түштүк ферералдык округунун прокуратурасынын алдындагы башкы иликтөө башкармасынын өкүлү Магомед Евлоевге ок жаңылып өлгөн деген. Ал күнү оппозициялык сайттын ээси Маскөөдөн келип Назрандагы учак майданында тепкичтен түшүп келатканда аны жоон топ милиция кызматкерлери кармап кетишкен. Биртикеден кийин анын чыкыйына ок тийип ооруканага жеткирилди деген кабар таркаган. Анан түнгө жетпей сөөгү үй-бүлөсүнө чыгарылып берилген.
Ошол сырдуу өлүмгө Маскөөлүк эксперттердин азыр чыгарган бүтүмү: «Евлоевдин башына ок жаңылыптыр» деген аныктама болгон.
Азыр баш калкалап четте жүргөн Ingushetiya.ru сайтынын баш редактору Роза Мальсагова айтканга карагнда, Евлоевди бийлик алдын ала мелжеп туруп аттырып салды. Ал үчүн Ингушетиянын президенти Мурат Зязиков жооптуу деген.
30-сентябрде «Эхо Москвы» аркылуу Ингушетиянын мурдагы президенти Руслан Аушев өз жумуриятындагы жагдайды «тымызын жүрүп аткан жарандык согушка окшойт» деген.
Андай жагдай азыр жалпы эле Түндүк Кавказга мүнөздүү экенин саясий талдоочу Муса Садаев айтат. Анын себеби Түндүк Кавказдагы жумурияттарда Кремль дайындаган жетекчилердин эл менен иши жок болушунда дейт. Алар артында орусиялык 2 миллиондон кем эмес аскер турбаганда орундарында бир да күн калыша алмак эмес. Эмне дегенде алар эл менен кантип сүйлөшүүнү билишпейт дейт «Азаттыкка» айткан оюнда Садаев мырза:
«Орусияда эл эмнени каалайт деп, ага кызыккан эч ким жок. Мен бийлик атка минерлерин айтамын, алар үчүн эмне керек билейин деген бирөө жок. Алардын аракети «Бирдиктүү Орусия» эмнени каалайт ошону билүүдө», - дейт ал.
Ингушетиялык оппозиция лидерлеринин бири Магомед Хазбиев айтканга караганда жумуриятта ички абал курал алып кармашкыдай маанайда:
«Албетте, бул жерде (Ингушетияда - ММ) жарандык согуш жүрүп атат. Ар күнү андай кармаштан 5-7 кишиге чейин курман болот, а кээде 16 кишиге дейре өлүмгө учурашат, демек бул чыныгы согуш» - дейт Хазбиев мырза.