Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

ТАЛАСТА ТИЗМЕГЕ КИРБЕЙ КАЛГАН ШАЙЛООЧУЛАР НААРАЗЫ БОЛУУДА


Таласта жергиликтүү тургундардын көбү шайлоочу катары шайлоонун тизмесине кирбей калып, сот аркылуу шайлоого катышып жаткандарына нааразы болушту. Соттор болсо мындай көрүнүштү жергиликтүү бийликтин шаалакылыгы катары карашат. Жергиликтүү шайлоо комиссиянын төрагалары бул кемчиликти шайлоочулардын өздөрүнө шылтап келет.

Шайлоочулардын тизмесине кирбей калгандардын бири Талас шаарында №106 шайлоо участкасынын шайлоочусу Жакшылык Алыбаев “Азатыкка” кайрылып, жогоруда айтылган көрүнүштү жергиликтүү бийликтин шайлоого болгон кайдыгер мамилеси катары карайт.

Тизмени тактабагандыктары бийлик өздөрүнүн кандидаттарын өткөрүү максатта атайын жасалган иш болсо керек деп өз сөзүндө кошумчалап кетти шайлоочу Алыбаев:

- Өткөндө сотко барганбыз, азыр да сотко баргыла дейт. Бул шайлоо сөзсүз сотсуз бүтпөй калганбы. Өткөндө сотко баргандан кийин, азыр илип койсо деле болмок да.

Талас шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кадырбек Сарчаевке кайрылганыбызда шайлоочулар өздөрү алдын ала тизмеде бар-жогун тактаса боломок, атайын үймө–үй кыдырып тизмеге киргизип жаткан мезгилде көбү үйлөрүндө жок болушкандыктан ушундай жагдай түзүлүүдө дейт:

- Аябай тактап ар бир кыдыруу жасагандан кийин ушул чыгып атат. Эми бул турмуш экен, чыгат экен.

Тизмеге кирбей калган шайлоочулардын көбүн талапкерлердин жактоочулары автоунаа менен сотко алып барып, соттун чечими менен шайлоого катыштырып жатышты. Дагы бир жармы тизмеде жок болгондоруна нааразы болуп, сотко барбастан комиссиянын өкүлдөрү менен урушуп кетип калган фактылар аз эмес. Талас шаардык сотунун судьясы Аскар Сүюнбаев тизмеде жокторго сот аркылуу чечим чыгарып берип жаткандарын айтып, ар бир тизмеге кирбей калган шайлоочуга онго жакын документ топтоп деп, жергиликтүү бийликин кайдыгеринен улам мамлекет көп чыгымга учурап жатат дейт:

- Өткөн шайлоодо Талас шаарында миңге жакын арыз каралып туруп, миңге жакын шайлоочулар киргизилди тизмеге соттун чечими менен. Ушул мезгилге чейин бийлик бутагы да, шайлоочулар өзү да карабай, кызыкпай, мына ушундай натыйжада соттор авральный режимде ар бир кишини карап, чечим чыгарып, тизмеге киргизип атабыз. Бул тенденция болуп баратат.

Тизме учурунда такталбаганы “Ак Жол” партиясын жактаган депутаттарга жакшы жол ачып берди деген пикирин “Азаттыка” опозициячыл Коомдук парламенттин өкүлү Касый Райымкул уулу:

- «Ак Жол» партиясы коюлбайт, алар өздөрүнчө кандидатурасын коюш керек деген менен “Ак Жол” тарапка ыктагандай болуп турат.

Талас шаарынын тургуну Жумабек Шаршенов аксакал шайлоого кантип баруу керек, алдын ала эмне кылыш керек тууралуу маалыматтар сыналгы, үналгылардан айтылып келген, тизмеге кирген кирбегенин шайлоочулар өздөрү тактаса болмок деген оюн билдирүүдө:

- Тизме качандан бери илинип турат, барып карап, номурларын такташ керек эле да.

Ал эми Талас облусунун акыйкатчысы Арзыкан Момунтаева серепчи катары жергиликтүү бийликтин шайлоого болгон кайдыгер мамилесинен улам талапкерлер фонд түзө алышпай шайлоочуларга өздөрүн тааныштыруу үчүн жарнактарды чыгара албай калгандарына нааразы. Мындай көрүнүш да жогорудагы тизме такталбагандай эле шайлоого карата бийликтин атайын жасаган иши болушу керек деп божомолдойт:

- БШКдан, же облустук, же райондук участкалык комиссиялар тарабынан, же өкмөт тарабынан мүмкүнчүлүк берилген эмес. Эл ошондуктан укпай калып, кандидаттар ыйлап-ыйлап эле өзү жөнүндө маалымат бералбай калды. Алар жөнүндө маалыматты билбейт, кимди шайлаарын билбейт, ушуга кедергиси тийип атат.

Жогорудагы кемчиликке карабастан негизи Таласта шайлоочулардын келип добуш бергендери эртең менен алгач көп болуп, түшкө маал азайып, кечки бештен баштап кайра көбөйдү. Шайлоочулардын шайлоого активдүү катышып жатышынын себеби талапкерлерди жактоочулары автоунаа менен шайлоочуларды ташып жатышынан болду. Мындай маалыматтарды шайлоочулар өздөрү да айтып жатышты.

Облустук шайлоо комиссиясынын берген маалыматы боюнча Талас облусунда 114 шайлоо участогуна 79 миң 533 шайлоочу добушарын берип, 66,3 пайыз катышты.

XS
SM
MD
LG