Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

НАРЫН ШААРЫНДА 51 БЮЛЛЕТЕНЬ КАНТИП КАРМАЛДЫ?


Күмөндөр Усуптегин, Нарын 5-октябрь күнү Нарын шаарындагы облустук мектеп лицейде жайгашкан №40-58 шайлоо участкада добуш берүү аяктап, урнадагы бюллетендер үстөлгө төгүлгөн учурда электр жарыгы өчкөн. Ошол маалда участкадагы бир катар байкоочулар шам жандырышып, участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы жана 2 мүчөсү бүктөлгөн бюллетендерди жандарынан кошуп жиберишти деп маалымат таратышкан. Мындай кинеге болсо комиссия мүчөлөрү караманча каршы. Ал эми бул участкада шайлоонун натыйжаларын чыгаруу убактылуу токтотулду. Жагдайды иликтөө жагы укук коргоо органдарына жиберилет деп билдирүүдө шаардык шайлоо комиссиясы.

Нарын шаарындагы облустук мектеп-лицейдеги участкалык шайлоо комиссиясынан бир нече топ бюллетендер комиссиянын мүчөлөрүнөн кармалды деген маалымат кечки саат 20-30да угулду. Нарын шаардык округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдылда Ибраев менен бирдикте барган маалыбызда, участкада укук коргоо органдарынын өкүлөрү, жергиликтүү акыйкатчы, мэриянын адистери топтолуп калышыптыр. Окуя боюнча участкада байкоо жүргүзүп жаткандардын айрымдары буларды буларды белгилешти:

- Мен Ибраев Тилек, Жумакадыров Алмаздын ишенимдүү адамымын. Биз ушул жерден 8-00дө бюллетендерди ачаарда, бул жерге алып келип айтчусун айтып коюшту, андан кийин столдун үстүнө төктү. Төккөндө эле дароо свет өчтү, Айнура деген эже фонарикти бергенде катчы койнунан кагаздарды алып чыгып атканын даана көрдүм. Бул эже бирин ыргытты, анан катчы ыргытты. Бюллетень бүктөлгөн экен.

- Бактыгулова Элнура, Чымылдаков Эмилбектин иешнимдүү адамымым. Менин колумда фонарик бар болчу, дароо күйгүздүм. Маңдайымда катчы отурган, анын койнунан бир топ кагаз түштү. Свитери көтөрүлгөн бойдон калды. Жанына баргыча отурган эки эженин астына да ушундай кагаздардын тобу пайда болуп калды.

- Иманбек Токтакунов, Молдокматов Толкунбектин ишенимдүү адамымын. Экинчи болуп фонарикти мен күйгүздүм. Ошол маалда бюллетендерди кое коюшту.

Ал эми участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы Руслан Бекбоев мындай пикирлерге караманча макул эмес:

- Менин койнуман андай чыккан жок.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Алмаз Боронбаев болсо эч нерсени байкабаган экен:

- Мен эч нерсе байкабадым. Менин колумда чоң урна бар болчу, ошону төгүп аткам.

Ушундай кырдаалдан соң Нарын шаардык округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдылда Ибраев бюллетендерди саноону токтотту:

- Бул факты боюнча милицияларга берилет, тергесин, эгерде таза факты чыкчу болсо, жооп берчүлөр жооп берет.

Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Эсенбүбү Кадырова электр жагдайы тууралуу мындай дейт:

- Бир толуктоо киргизип кетсек, эртең менен свет өчүп, бул жерде байкоочулар көрүп атты, кыска берип атты.

Участкада байкоочулук кылган Кеңеш Мамбетжумаев шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн белгилейт:

- Бүгүн шайлоо такыр эле таза өткөн жок. Бул жактан бирөөнү кармадык, документи менен кирип бул жактан бюллетень алып атат. Эжелер бул бул жакта жашабайт дегенинен аркасынан барып, текшерсек, тизмеде да жок экен. Биз бирди кармалдык, андан башка канчасы кетти ким билет.

Ошентин атайын түзүлгөн комиссия тарабынан 51 бюллетень кошумча кошулган деп табылды.

Нарын шаардык округдук комиссиясынын төрагасы Абдылда Ибраев комиссиянын күнөөсүнүн бар-жогун чечиш үчүн Нарын шаардык прокуратурасына берерин билдирди.

XS
SM
MD
LG