“Азаттыктын” кабарчысы Жанарбек Акаев Нура айылына жакын жерден билдиргенине караганда, ушу тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын комиссиясы Нура айылында мындан ары жашоого болоор-болбосун изилдеп жатат. “Өткөн түн Нура айылында зилзаладан тирүү калган адамдар үчүн эң коркунучтуу түндөрдөн болду окшойт. Түнү менен бир нече жолу майда жер титирөөлөр болду. Мындан чочуган нуралыктар үрөйү учуп турушту. Анын үстүнө чатырларда аябай суук экен”, - деди кабарчыбыз. (TD)