Бишкек шаарындагы 11 округдук шайлоо комиссиясынын жетекчилери эки күндөн берки санактан кийин борбордун депутаты боло тургандай добуш алган 44 депутат белгилүү болду деген менен аттарын толук аташкан жок. Жеңгендердин ичинде саясий партиялардын атынан жарышка түшкөн 106 талапкердин канчасы мандат алып, өзүн өзү көрсөткөндөрдүн канчасы марага жеткени да азырынча так эмес. БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматовдун билдирүүсү боюнча, добуш берүүдөн кийин борбор боюнча БШКга 12 даттануу арызы келип түшүп, комиссия азыр териштирип жатат. Бирок алардын ичинде добуш берүүнүн жыйынтыгын сотто жокко чыгарууга негиз болчу жагдайлар жок.
Борбордогу №11 Курулуш шайлоо округу боюнча ат салышкан “Таза коом” партиясынын мүчөсү Табылды Акеров жыйынтыкты сотко берүүнүн зарылдыгы жок деп, себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:
-Сотко кайрылуунун деле кажети жок. Себеби, мыйзамдын таптакыр иштебей калгандыгы белгилүү. Анан жеңүүчүлөр мурда эле чечилген болчу. Анткени, шайлоого даярдык жүрүп жатканда эле төрт адамдын аты айтылып жаткан. Мына ошол төрт адамдын аты азыр жеңишке жетти деп айтылып жатат.
Табылды Акеровдун билдирүүсү боюнча, добуш берүүдө мурда катуу калыптанган “карусель” же “айлампа” деген ыкма катуу колдонулуп, мурдатан топтолгон 200 адам улам бир шайлоо участкасына барып добуш беришти. Алардын шаарда каттоосу бар, жогун шайлоо комиссиялары да текшербей көрмөксөнгө салышты, себеби алар мурдатан берилген көрсөтмөнү аткарып, акысын да алып коюшкан дейт Т.Акеров:
-Акчасы мурда берилип анан жогору жактан ушул адамдарды өткөрүп бересиңер деп айтылып калган. Ошон үчүн каттоосу жок шайлоочулар келе жатканда комиссиядагылар көз жумду кылып өткөрүп жиберишти. Бул бүтүндөй Кыргызстан боюнча колдонулуп, илгертен келе жаткан келаткан технология экендигине мен өзүм күбө болдум. Ошондуктан Кыргызстанда шайлоо системасы түп тамырынан бери реформаланышы керек. Эгерде ушундай жол менен президенттик шайлоо өтсө, анда эмки шайлоодо сөзсүз түрдө революция болот деп ойлойм.
“Акыйкат үчүн” кыймылы менен Коомдук парламент шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өттү деп, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын расмий билдирди. Кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, ага бийлик жашыруун сүйрөп келген адамдардын жеңишке жеткендиги түрткү болду:
-Анткени, абдан көп мүчүлүштүктөр болду. Андан тышкары башынан баштап эле бийлик “Ак жол” деп ачык айтпастан жашыруун түрдө өз талапкерлерин элге таңуулоого аракет кылышты.
Оппозициячыл кыймыл менен Коомдук парламент мындай абалдан чыгуу үчүн БШКнын курамын өзгөртүп, ага оппозициячыл партиялар менен кыймылдардын өкүлдөрүн шайлоону жана БШКны президенттин бийлигинен чыгарууну сунуш кылды.
БШКнын төрагасы Дамир Лисовский “Азаттыкка” оппозициячыл кыймылдын мындай билдирүүсүнө жооп сунуш комиссияда талкуулангандан кийин берилерин кабарлады.
Ал эми БШКнын 12 мүчөсүнүн алтоосун тандоочу Жогорку Кеңештин депутаты Турдукан Жумабекова БШКнын азыркы курамын алмаштыруунун зарылдыгы жок деп билдирди:
-БШКны реформалап, аны жаңыртууга эч кандай зарылдык жок. Азыркы комиссия компетенттүү иштеп жаткан орган.