Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

АЙБЕК СУЛТАНГАЗИЕВ: КЫРГЫЗСТАНГА ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КРИЗИСТЕН ЧЫГУУГА РОССИЯ ЖАРДАМ БЕРЕТ


Бишкекте 7-октябрда өткөн кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын жыйынынан чыккан чечимдер жөнүндө “Азаттыкка” премьер-министр Игорь Чудиновдун басма сөз катчысы Айбек Султангазиев айтып берди.

- 7-октябрда соода экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын жыйыны болуп, ал жерде Камбар-Ата ГЭСи боюнча маселе чечилди деп уктук. Ал кандай маселе чечилди, эмне боло турган болду?

- Комиссия иши жүрүп атканда күн тартибине 16 суроо коюлган. Ошонун арасында Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы электр энергетикада боло турган келишимди да карашты. Ошол келишимдин долбоорун карап, болгон карама каршылыктарды жоюшуп, кол койгонго даяр болду. Бул келишим боюнча эми реалдуу түрдө инвестициялар келет Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЕСтерин курууга. Андан башка дагы орус энергетика компаниялары биздин энергетикалык тармакты приватташтыруу процессине дагы катышат.

- Бул энергетика системаларын менчиктештирүү маселеси жөнүндө сөз болуп атабы?

- Ооба, энергетика системасы.

- Бул Бишкек ТЭЦ, “Түндүк электро” дегендерби ?

- Ооба.

- “Дастан” акционердик коомунун айланасында дагы бир топтон бери чыгып келаткан маселе - орус тарап Кыргызстандын карызы үчүн бул жердеги өкмөттүн 30 пайыздай акциясын алат деп. Бул маселе кандай чечилди?

- Бул маселе дагы буюрса чекит коюлуп чечилип калды. Кечээ сүйлөшүүлөр болду. Азырынча процесс жүрүп атат. Бирок багыт берилди. Азыр мамлекеттин пакет акциясы бар го, ошону Орусияга биздин карызбыз үчүн чегерип берет. Азыркы Кыргызстандын мамлекеттик акцияларынын баасын сактап, анан ошондон кийин сүйлөшүүлөр улантылат.

- Ушул Кыргызстандын карызын кечүү маселеси дагы президенттин сапарында козголгон эле. Бул маселе каралдыбы?

- Каралды. Бул жерде протоколдо Кыргызстан Орусияга төлөм балансын, анан тышкы карызыбыздын стратегиясын көрсөтсүн, анан бизге дагы, орустарга дагы туура келген чечим кабыл алабыз деген сөз болду.

- Орусия түштүк жакта газ, мунай, геология чалгындоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул жерде кандайдыр бир жаңы багыттар аныкталдыбы?

- Жаңы багыттардан деле жок, баягы “Газпромго” берилген лицензия боюнча сөз болду. Көгарт жана Майлуу-Суу-4 дегендерди бербеди беле, ушул эки объект боюнча сөз болду. Эми азыр ошол боюнча меморандум даярдап атышат.

- Энергетика тармагында кризистик кырдаал түзүлүп жатат. Бул жагынан орус тарап кандайдыр бир жардам берүү мүмкүнчүлүгү бар бекен Кыргызстандын ушул маселесин чечүүгө?

- Ал жөнүндө дагы сөз болду. Эми Орусия колдон келишинче жардам беребиз деди. Анан азыркы кырдаалга байланыштуу суунун аздыгынан электр кубатын экспорт кылалбайбыз деп биз тарап айтты. Орусия тараптан дагы өзүлөрүнүн мүмкүнчүлүгүн карап жардам беребиз дегендей сөз болду.

- Маегиңизге чоң рахмат.

Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек

XS
SM
MD
LG