Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:41

УКРАИНА: ЖОГОРКУ РАДА ТАРКАТЫЛДЫ


Кечээ (8-октябрда) кечинде Украинанын президенти Виктор Ющенко өлкө парламентин таркатуу тууралуу чечимин жарыялады. Мунун алдында парламенттеги айрым партия лидерлери жаңы коалициялык өкмөт түзүү далаалатын жасап жыйын өткөргөн эле. Бирок Украинада кезексиз парламенттик шайлоо кайсы күнү өткөрүлөөрү тууралуу азырынча так маалымат айтылган жок. Серепчилер 2004-жылы “саргылт ыңкылаптын” жеңишин камсыз кылып бийликке келген өкмөттүк коалиция батышчыл лидерлер Виктор Ющенко менен Юлия Тимошенконун бийлик үчүн өз ара күрөшүнүн кесепетинен ыдыраганын белгилешүүдө.

Украин президенти Виктор Ющенко өлкө парламентинин (Жогорку Раданын) алтынчы чакырылыштагы курамын таркатуу тууралуу шаршембиде (8-октябрда) Киев убактысы боюнча кечки саат 9да (Бишкек убактысы боюнча бейшембиге караган түнкү 12:00де) жалпы калайыкка жасаган сыналгы кайрылуусунда жарыялады.

Мамлекет башчы Виктор Ющенко Жогорку Раданы таркатуу тууралуу чечимин парламенттеги партиялар Конституцияда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде жаңы өкмөттүк коалицияны түзө албай койгондугу менен негиздеди.

- Парламенттеги күчтөр кырдаалды түпсүз туңгуюкка кептеп салган учурда, украин эли өзүнүн сөзүн айтууга тийиш.


Украин мамлекет башчысы мурдагыдай эле демократиялык баалуулуктарды, европалык болочокту колдой берээрин баса белгилөө менен бирге, мекендештерин эрте шайлоого жигердүү катышууга үндөдү:

- Мен бардык украин шайлоочуларын, бардык терең ой жүгүртө алчу кишилерди, бардык украин атуулдарын жана бардык украин атажурт сүйөөрлөрүн жигердүү болууга чакырам. Эми чечим, албетте, Сиздердин колуңуздарда. Бул мамлекеттеги эң бийик жоопкерчилик – Сиздерге таандык, анткени Сиздер украин саясатчыларын бийликке келтирип шайлап бересиздер. Өз чечимиңиздерди салмактап туруп жасаңыздар!”

Президент Ющенконун айтымында, буга чейинки “саргылт коалиция” айрым саясатчылардын жекече амбициясынын жана бийликти ашкере көксөөсүнүн айынан ыдыроого душарланды.

Украинанын өкмөттүк коалициясы, андан президент Ющенконун "Биздин Украина – Элдин Өзүн-Өзү Коргоосу" (НУНС) блогу чыгып кеткендиктен, өткөн айда (сентябрда) ыдыраган.

Буга коалиция боюнча анын өнөктөшү, премьер-министр Юлия Тимошенконун блогунун (БЮТ) президенттин ыйгарым укуктарын чектеген мыйзамды кабыл алуу үчүн парламенттеги орусиячыл оппозиция менен бириккендиги себеп болгон эле.

Айрым серепчилер болсо 2004-жылы “саргылт ыңкылаптын” жеңишин камсыз кылып бийликке келген өкмөттүк коалиция андагы блоктордун батышчыл лидерлери Виктор Ющенко менен Юлия Тимошенконун бийлик үчүн өз ара күрөшүнүн кесепетинен ыдыраганын да белгилешүүдө.

Ющенко менен Тимошенконун партиялары 2004-жылы бирдиктүү күч болуп чыгып, “саргылт ыңкылаптын” жеңишин жана Ющенконун президенттикке келишин камсыз кылышкан. Бирок андан бери эки саясатчынын жана алардын блокторунун өз ара мамилелери улам жаңы тар жол, тайгак кечүүгө кабылып келди.

Ошентип, эми жакын арада Украинада кезексиз парламенттик шайлоо өтүүгө тийиш.

Өлкөнүн Башмыйзамына ылайык, парламентти таркатуу тууралуу жардыкка кол коюлган соң, 60 күндүн ичинде эрте шайлоо өткөрүлүүгө тийиш.

Бирок президент Ющенко шайлоо кайсы күнү болоорун да, Жогорку Раданы таркатуу тууралуу жардыкка кол коюлган-коюлбаганын да сыналгыдагы кайрылуусунда ачыктаган жок.

Айрым маалыматтарга караганда, Тимошенконун блогу президенттин Жогорку Раданы таркатуу тууралуу жардыгын мыйзамсыз деп табуу өтүнүчү менен сотко кайрылышы да ыктымал.

Алардын оюнча, парламентти таркатуу үчүн президентке укук берген мыйзамдуу учур үчүн азырынча эртелик кылат.

Дагы бир топ болсо бул парламент эчак эле өзүнүн жүзүн жана натыйжалуу иш алып баруу кудуретин жоготкон болчу деп эсептейт.

Шайлоодон чарчаган, соңку үч жыл ичинде Жогорку Раданын жаңы курамы үчүн үчүнчү ирет добуш берүүсү күтүлгөн карапайым украиндер парламенттик эрте шайлоодо кайсы партияны көбүрөөк колдоп чыгаары тууралуу алдын-ала боолголоо кыйын.

Ал эми соңку сурамжылоолордун жыйынтыгына караганда, 2010-жылга белгиленген кезектеги президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчынын кайра шайлануу үмүтүн таш капчудай.

Бирок ал шайлоо өнөктүгүнө чейин Киевдин саясат айдыңы аркылуу далай суу агат деңизчи.

XS
SM
MD
LG