Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:12

БЕЛАРУС ОППОЗИЦИЯСЫ ЕВРОШАРКЕТТИН ӨЛКӨГӨ КАРАТА САЯСАТЫ ӨЗГӨРҮҮСҮН КОЛДООДО


Европа парламенти Беларус боюнча жаңы резолюция кабыл алган жатат. Мыйзамдык күчкө ээ эмес ал документте Еврошаркет Беларус менен мамиле түзүүсү жана өлкөгө каршы киргизилген санкциялардын айрымдарын жоюушу керектиги айтылат. Ал эми келерки аптага болсо Еврошаракеттин тышкы иштер министрлеринин беларус кесиптеши менен жолугушуусу белгиленүүдө. Брюсселдин Минскиге карата саясаты өзгөрүүсүнө кечээ Европарламентте болгон учурунда беларус оппозициясынын лидерлери да колдоо билдиришти.

Беларус бийликтери шайлоону ачык–айкын жана демократиялык нукта эч убакта өткөрбөгөнүнө жана муну соңку ирээт 28-сентябрдагы быйылкы парламенттик шайлоодо далилдегенине карабай, Еврошаркет Минскини обочодо кармоо боюнча узактан берки багытын токтотууга бей байлап, эми аны менен алака түзүүнү көздөөдө.

Европарламенттин тышкы иштер боюнча комитетинин төрагасы Яцек Сариуш-Вольскинин ( Jacek Saryuz-Wolski) сөзү менен айтканда, Еврошаркет "Орусиянын бул өлкөдөгү таасирине каршы чара көрүүсү абзел". Мунун зарылдыгын шаркеттин саясатчылары Орусия августта Грузияга кол салгандан кийин сезгендей. Шаркеттин учурдагы төрагасы –Франциянын Европа иштери боюнча министри Жан –Пьер Жуйе ( Jean-Pierre Jouyet) Европарламентте буларды айтты:

-Бизде, мүчө өлкөлөр арасында Еврошаркет тарабынан көрүлүүчү чаралар беларус бийликтери быйыл жайында жасаган кадамдарды, өзгөчө калган саясий айыпкерлерди бошотуусун чагылдыруусу керектиги боюнча кеңири макулдашуу бар. Биз ошондой эле Грузиядагы соңку жаңжалдан кийин түзүлгөн геосаясий кырдаалды да эсепке алуубуз керек.

Айтор Еврошаркеттин саясаты өзгөрүүсүн Беларустун демократиялык оппозициясынын өкүлдөрү да колдошууда. Оппозиция лидерлеринин бири Александр Милинкевич кечээ Европарламентте сүйлөгөн учурунда өлкөнүн Орусиядан көз карандысыздыгын бекемдөө башка маселелердин баарынан жогору турарына токтолуп, диалог ушул максатты орундатуунун жалгыз жолу экенин белгиледи:

-Мен үчүн диалог саясатына атаандаш эч нерсе жок. Анткени азыр Беларуста диктатор олтурат деп айтсак, Берлин дубалын курабыз. Аны менен байланыш жоголгондо, биз кырдаалга таасир көргөзүү мүмкүнчүлүгүбүздөн айрылып гана тим болбойбуз, Беларустагы калктын абалы тездик менен начарлатабыз. Бул жерде 10 миллиондой европалык жашайт.

Александр Милинкевич өз сөзүндө кошумчалагандай, кыйынчылыктарга жана ийгилик аз экендигине карабай өлкөнү демократиялаштырууга багытталган чаралар улантылышы керек.

Ал жана оппозициянын дагы бир лидери, президенттикке мурдагы талапкер, абактан жакында эле чыккан Александр Казулин кечээ Брюсселде Чехиянын премьер-министринин орун басары Алесандр Вондра менен кездешти. Чехия Еврошаркетте жаңы жылдан тарта төрагалык кылмакчы.

Ал эми Европарламентте кабыл алынуучу резолюциянын авторлорунун бири, польшалык депутат Яцек Протасевич ( Jacek Protasiewicz) документте мактоо жана сын кылдат айкалыштырылганын белгилейт:

-Европарламенттеги саясий топтордун баары тарабынан атайы биринчи болсун деп тандалган параграфта Беларус бийликтеринин саясий айыпкерлерди бошотуу боюнча чечимдерине оң баа берилет. Бирок экинчи параграфта Беларустагы саясий кырдаалды оңдоо боюнча дагы бир чоң мүмкүнчүлүк текке кеткенине чын-ниеттен өкүнүч билдирилет.

Беларус лидерлери колдон чыгарган ал соңку мүмкүнчүлүк - 28-сентябрдагы парламенттик шайлоо. Анда оппозициянын бир да талапкери парламентке кире албады. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму бул шайлоодо анча–мынча жылыштар болгону менен ал уюмдун декмократиялык стандарттарына ылайык өткөн жок деп тапкан эле.

Европарламенттин резолюция долбоорунда ошондой эле азыр Беларустун 40тай расмий өкүлүнө карата сакталып турган визалык чектөөнү иргеп жоюу чакырыгы айтылган. Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери менен беларус тышкы иштер министри Сергей Мартыновдун алдыдагы дүйшөмбүгө мерчемделген жолугушуусун да ушул маселе талкууланчудай.

Анткен менен беларус оппозициясынын лидерлери адам укуктарын бузууга тиешеси бар расмий өкүлдөр буга окшогон жеңилдиктен пайдаланбоосу керектигин айтып жатышат. Казулин менен Милинкевич кечээ баса белгилешкендей, өзгөчө президент Александр Лукашенконун Еврошаркетке каттоосуна салынган тыюунун сакталышы маанилүү.

Европарламент мындан сырткары Еврошаркеттин коңшулук саясат боюнча 2009-жылкы бюджетинен Беларуска акча ажыратылышын колдойт. Буга чейин Брюссель адам укктарынын сакталбоосун, демократиянын жоктугун жүйөө кылып, Минскини бул программага киргизбей келген.

Ал эми Польшанын Европарламенттеги депутаттары беларус жарандары үчүн Шенген визасына төлөнүүчү акыны арзандатууга аракеттенүүдө. Ал үчүн беларустар азыр 60 евро төлөшөт. Беларус оппозициясынын лидерлери кечээ Брюсселде Орсиянын жарандары ушул эле виза үчүн 35 эле евро төлөрүн мисалга тартышты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG